www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин сайттын анонимдүү куржунуна келип түшкөн каттардын бири;
Саламатсыздарбы? Мага кеңеш бере кеткилечи сураныч. Менин жолдошум бар. Үйлөнгөнүбүзгө жети жыл болду. Балабыз жок, боюмда боло элек. Чынын айтсам "скучный" эле жашоо балаң болбосо... Москвада иштейбиз жолдошум менен эки күн мурун машинабызды оңдотуу үчүн "СТОго" бардык. Жолдошум бошобой калгандыктан авто унаага керектелген красканы "СТОго" жеткизип бардым. Ал жерде иштеген байке "Краска туура келбейт алмаштырып келели" дегенден базарга бирге бардык. Жолдо келе жатып мени башкача карап жатты. Жүрөгүм кысылып жаман болуп билгизбей отурсам бир жерге токтоп эле мени кучактап өөп салды.
Мен да түртүп сала алган жокмун. Көптөгөн жагымдуу сөздөрдү арнап, жактырып калганын айтты. Жашоом жакшы эмес болгонгобу сүйлөшө бердим.Телефондон да чалышып бүгүн жолугуп, бир жерге бардык. Ким кандай десе ошо десин балким "жалап" дейсиңерби мейли ошол байке менен жатып келдим.Эми жакында Кыргызстанга кетебиз. Жолдошума мурда эле көңүлүм жок болчу. Кандай кылсам? Аны менен кетпей эле койсомбу же тигил байке менен мамилемди улантсамбы?
Төмөндө пикириңиздерди күтөм.
Маржан Назарбаева,
Булак: NazarNews.kg