www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатын айтканда маалымат каражаттары бир нече топко бөлүнүп калды. Дале болсо кеткендердин, качкандардын оту менен кирип күлү аркылуу чыгууну көздөгөн басылмалар, сайттар бар экендиги кокустук эмес. Колуна тетири кармап алган калемдери кагаз бетине төгүлүп, кайдагы бир илгерки “икаяларды” баяндайт. Тимеле укмуш чын деп алар кернейлерин тартып, домбраларын күүгө келтирет. Бирок, эчак безип кеткендер эми Кыргызстанга кайрылып келбесин сезсе деле умсунуп тура беришкенин көрүп бооруң ооруйт, анчалык неге улутунду, капа болду деп. Көрсө кезинде бир казандан ашты ап этип жүргөн күндөрүнө кезиккиси келет окшойт булардын.
Ошондуктан азыркы бийликтегилерге болбоду дегенде имиштерди жорголотуп коелу деген тилекте көп учурда далилсиз болумуштарды чүргөй салышат. Көп кабаттуу батирлердин эсебинен Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев 170 миллион сомду сугунуп салыптыр дегенди да токушту. Иликтеп көрсөк ал каражат сары майдай эле жакшы иштерге сакталып туруптур. Эми булар жакында салынган көпүрөдөн да өөн табууга жөнөшөт. Ага каармандар деле оңой табылып, кодойуп туруп берип аския кебин узатарына деле аз калды. Кезинде кара дөө болгон бир кишиси Ошко келалбай салам-дубасын “тигилерден” жолдоого муктаж. Кандай болгон күндө деле азыркы мэр ким да, мурдагы Мырзакматов ким? Экөөнү салыштырууга деле болбой калды. Буга моюн толгоп эле кайсалакташкандардын кеби эми суу кечпейт дегенге деле көнүшпөйт кургурлар.
Булак: "Ачык сөз"