www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин дарегине сын айтып, анын жасап жаткан алгылыктуу иштерине ичи күйүп, бир жери кытышып, ордунда тура албай жаткандар өткөн жылы Ош шаары кандай жетишкендиктерге жеткенин угушса, тыпырчылап кетсе керек.

Анткени, Ош шаары баардык тармак боюнча коюлган планды ашыгы менен аткарып, республика боюнча алдыңкы болуп чыкты. Өкмөт башчысы Са­пар Исаков дагы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышып, көрсөткүчтөргө ыраазы экенин билдиргендей болуп “Ош шаары башкаларга дагы үлгү болушу керек” деп айтпадыбы. Иштеп жаткан кишинин ишине баа бергенди да үйрөнүшүбүз керек. Кыйынды кыйын деп, бузукту бузук деп айтышыбыз керек да акыры.

Айтмамат Ошко мэр болуп келгенден бери бут тоскондорго, ушак тараткандарга көңүл бурбай, бир топ иштерди аткарып койгонго жетишти. Бул анын чарбачыл адам экенин ырастады. Кадырбаев мына кетет, жакында кетет дегендер Айтмамат Кадырбаевдин мэрлик мөөнөтү аякташына дагы 2 жыл убакыт бар экенин унутпагыла.

Жапар Ормонов мэр болуп олтурабы деп күбүр-шыбыр болгондор, Жапардын “Айтмамат акени колдош керек. Бул киши Ош шаары үчүн болгон күчүн жумшап иш­теп жатат. Мен Айтмамат акени аттап кантип мэр болот элем?” деген сөзүн угуп калышса жарылып кетет болушу керек.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости