www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь айында Бишкекте он беш киши суукка тоңуп каза болгонун соттук-медициналык экспертиза аныктады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, алардын баары үй-жайсыз адамдар. - Милиция кызматкерлери күндө иш алып барышууда. Өткөн жумада алдын алуу иштерин жүргүзүүдө 239 селсаяк аныкталып, 22си үй-жайы жоктор үчүн "Коломто" борборуна жайгаштырылган. 25 кишиге тартип бузуу боюнча административдик протокол түзүлүп, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы суук күчөгөнүнө байланыштуу бардык райондордо үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген. Ал эми Коломто кайрымдуулук үйүндө бардык үй жайсыз адамдарга эшик ачык. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости