www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анда депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Соттун, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев жыйынга келбегенине нааразы болду. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев ички тартип боюнча Манас Арабаев жыйынга келбегенин билдирди.
Депутат Бокоев Жогорку Сот тарабынан бир жылда 300дөй жаран акталганын эскертип, туура эмес кылмыш ишин козгогон канча тергөөчү жоопко тартылганын сурады.
Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, акталган өкүмдөр бар, жоопко тартылгандар жок.
"Эмне үчүн 300 жарандын укугу корголбойт? Соттук реформанын чоң бөлүгү Башкы прокуратуранын күнөөсүнөн болуп жатат. Адамдын укугун, эркиндигин, ар-намысын коргобой жатасыңар. Ошондуктан соттук реформада прокуратураны жазалоо органы катары жоюп салуу керек. Соттук реформаны ишке ашырбасак, мамлекетибиз өнүкпөйт. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Азыркы учурда журналисттер эмес депутаттар сүйлөгөндөн коркуп калышты", - деди Кенжебек Бокоев. Эскерте кетсек, бүгүн, 26-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында сот реформасы жөнүндө маселе каралып жатат.
Булак: NazarNews.kg