www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда ооруканадан өрт чыгып, кеминде 31 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты. Аталган окуяга байланыштуу Кореянын президенти Мун Чжэ өкмөттү чукул жыйынга чакырды.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Мирян шаарындагы Седжон королунун атындагы ооруканада катталган.

"Өрт чыккан учурда аталган ооруканада жалпы 200гө жакын адам болгон. Өрттөн каза болгондор биринчи жана экинчи кабатта болушкан. Көпчүлүгү иске ууланып калышкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, бир ай мурун фитнес клубунда да өрт кырсыгы катталып, анда 29 киши набыт кеткен. Өрт кырсына авариялык чыгуулардын жоктугу жана тез күйүүчү заттардын көп экени себеп болгон. Ошондой эле, өрттү өчүрүү маалында имаратка жакын автоунаалардын токтотулганы өрттү өчүрүүгө тоскоолдук жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости