www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов менен казак акыны Мухтар Шаханов тууралуу кыргыз-казак достугун даңазалаган даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, казак эл акыны Мухтар Шаханов өлкөгө даректүү тасмага тартылуу үчүн келген. Мындай демилгени иш жүзүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ашырып, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы, “ЭлТР” телерадиокомпаниясы, 5- канал, “Пирамида” каналдары жана Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясы колдоого алды.

Белгилей кетсек, аталган тасма Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылып, Руслан Машрапов режиссерлук кылууда. Чыгармачыл сапардын алкагында Мухтар Шаханов “Ата-Бейит” тарыхый комплексинде, Ч.Айтмтовдун үй-музейинде жана Ысык-Көлдө болду. Чыгармачыл сапардын алкагында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Мухтар Шахановдун чыгармачыл кечеси уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости