www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия талибдердин бийликке келүүсүнө даяр болушкандай таасир жаралышы мүмкүн, бирок айрым эксперттер бул Москва үчүн дагы күтүүсүз болду деп эсептешет.

"Биз эч кандай Москванын стратегиясы жөнүндө сөз кыла албайбыз. Талибдердин бийликке келүүсү Москва үчүн дагы күтүүсүз болду", - дейт "Орусиянын заманбап Ооганстанды изилдөө борборунун” өкүлү, эксперт Андрей Серенко.

--"Москва аймактык архитектуранын кайра түзүлүшүнө кечигип калуудан кооптонуп жатат. Москвада талибдердин башкаруусу эмне алып келет деп чочулагандар дагы бар.

Россиянын "Эл аралык иштер боюнча кеңешинин" аналитикалык борборунун башчысы Андрей Кортунов алар бүт өлкөнү, айрыкча түндүктү көзөмөлдөө үчүн күрөшө турганына ишенет жана бул Орусияга жана анын коңшуларына коркунуч келтириши мүмкүн деп эсептейт ал. 

"Балким, Ооганстанда жайгашкан Аль-Каиданын, балким, Ислам мамлекетинин” айрым уюктары Борбор Азиядагы кандайдыр бир аракеттерге түрткү бериши мүмкүн.

Ал ошондой эле ооган экономикасынын кескин начарлап кетишинен чочулайт, анткен бул дагы өз кезегинде туруксуздукту жаратышы мүмкүн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости