www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар традициялуу сүннөт багытындагы мусулманчылыкка моюн сунган эл. Мындай пикирди Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев билдирди.

"Бээ десе төө дегендер көбөйдү. Өткөндө жаздым эле. Булар иезуиттерге окшоп сылык сыпаа Каныбек Осмоналиевичти да сөзгө сындырууга аракет кылып жатышпайбы. Теорияны билбесен каяктагы практика. Элдин жарымынан көбү жашоо деӊгээли төмөн болсо, жалкоо кыргыз балдарына даваттан артык жумушу жок болсо, сакалын сылап коюп салкын мечитке отуруп алып намаз окугандан башка эмне керек. Мал багат, эгин айдайт деген түшүнө да кирбесе. Кыргыздар традициялуу сүннөт багытындагы мусулманчылыкка моюн сунган эл. Азыр көп секталуу болуп кетти.

Тилекке каршы, УКМКдагы балдар өтө эле жумшактык кылып жатышат окшойт. Акыры радикализм жакшылыкка алып келбейт. ЖОЖдорду жамандап мечиттерди мактап отурушат. АКШнын Борбор Азиядагы террорду уюштуруу иши үчүн чоӊ куралы ушулар. Тынч мусулман кыргыз эли чоӊ алааматка учурашы мүмкүк. Каныке! Маселени туура козгогонсуӊ. Бул маселе тегерегибиздеги бардык өлкөлөрдүн тынчын алууда. Буга жалпы эл үчүн дегендер кошулбаса болбойт", - деп белгилеген Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости