www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктуруп алып азыр дарылануудан өтүп жаткан бейтаптардын 99% вакцина албагандар. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Нурматов Кыргызстанда коронавирус боюнча абал турукташа баштаганын, ошого карабастан ар бир адам санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруусу керектигин, себеби вирус жаңы болгондуктан ал толук изилденип бүтө электигин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңи каза болду.

Бүгүн 24-августта бул илдет менен 199 бейтап жаңы катталды. Июндун башында бир күндө 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.

Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Эмделгендер 1 миллиондон ашты. Алардын 377 миңи вакцинанын эки дозасын тең алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости