www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын статистика боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында соңку 32 жыл ичинде өлкөдөн 1 миллионго чукул орус улутундагы жарандар чыгып кеткен. Ал эми этникалык тажиктердин жана кыргыздардын саны дээрлик эки эсе өскөн.
Өзбекстанда эгемендик алгандан берки эң алгачкы эл каттоо 2023-жылы өтөт. Ага чейин расмий Ташкент сыноо иретинде быйыл ноябрь айында бир нече райондо эл каттоо уюштурууну белгилеген.
Ага чейин Мамлекеттик статистика комитетинин быйыл жыл башына карата эсеби боюнча, Өзбекстандын жалпы калкынын саны 34,6 миллионду түздү. Салыштыра кетсек, 1989-жылы өлкөнүн калкы 20 миллионго чукул болчу. Андагы эң ири этникалык топтор – өзбектер, тажиктер, казактар, каракалпактар, орустар жана кыргыздар болгон.
Ушул эле маалыматка ылайык, 32 жылдын ичинде, же 1989-2021-жылдар аралыгында Өзбекстандан 1 миллионго чукул орус улутундагы жарандар башка жактарга көчүп кеткен. Калыстык үчүн кошумчалай кетели, Кыргызстанда эгемендик алгандан бери орус улутундагылардын саны үч эсеге жакын азайды.
Өзбекстанда быйыл жыл башына карата орус калкынын саны 720 миңди түздү, 1989-жылы бул көрсөткүч 1 млн. 653 миңден ашуун киши болчу.
Анткен менен Өзбекстанда орус тилине этностор аралык баарлашуу тили макамын берүү маселеси президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери көтөрүлүп келет.
Тактап айтканда, 2019 -жылы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алдында орус интеллигенциясынын 20га жакын өкүлү орус тилине расмий макам берүү сунушу менен чыгышкан. Сунуш өзбек коомчулугу тарабынан терс кабыл алынгандан кийин алардын айрымдары сунуштан кайра баш тарткан.
Булак: NazarNews.kg