www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Афганистандын башкаруу формасын аныктады

"Талибан"* кыймылы Афганистандын башкаруу формасын аныктады. Бул тууралуу америкалык Foreigh Policy басылмасы ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды. 

Ага ылайык, талибдер 12 адамдан турган кеңеш түзүүгө белсенип жатат. Анын курамына талибдердин саясий кеңсесинин жетекчиси мулла Абдул Гани Барадар, мулла Мухаммед Якуб, "Талибан" кыймылынын негиздөөчүсүнүн уулу Мухаммед Омар, "Хаккани тармагы" аттуу террордук топтун жогорку кызматтагы мүчөсү Халиль аль-Рахман Хаккани кирет.

Маалымат булагы басылмага Барадар менен Якуб кеңешке 20 жыл мурда террористтердин колунан өлгөн “Түндүк Альянстын” лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масудду кошуп алууну каалап жатканын билдирген. Бирок ЖМК мындай союздун болушу мүмкүн эмес экенин жазууда.

Мындан тышкары, мурдагы президенттин администрациясынын айрым мүчөлөрүнө алар каалаган министрликтерди башкарууга сунуш берилери кабарланган.

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. 15-августта согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени маалым болду.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости