www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчылардын «кличкалары» кандай экенин билесизби?

Кээ бир эл көзүндөгү саясатчы, аткаминерлерди да өз аты-жөндөрүнөн сырткары каймана ысымдары, же болбосо “кличкалары” жандап жүрөт. Андай каймана ысымдар кылган ишине, жүрүм-турумуна, саясаттагы кадамдарына жараша берилген десек болот. Бирок көпчүлүк адамдар каймана ысымдардын таржымалдарын биле бербейт. Эмесе билип алыңыз, окурман.

“Чүчпара”

Тамактын аталышы кимдин “кличкасы” деп атасызбы? Юстиция министри Чынбаева Аселдин тар чөйрөдөгү каймана ысымы болгонун көпчүлүк биле бербесе керек. Анын себеби, Чынбаева Асел чүчпараны өтө жакшы көрүп, чоң табит менен жейт. Ылайыгы, шарты болгон жерде чүчпараны жасатып жегенден жадабайт. Атүгүл, анын аркасын «массажисткасы» Токтайым Үмөталиева массаж жасап жатканда да жакшы көргөн тамагын жей берет. Бийлиги жок кезинде ашпозчуларынын жасаган чүчпарасын жеп жүрсө, эми министр кезде Токтайым Үмөталиева сыяктуу жалданмалардын колунан жасалган чүчпараны сугунуп, өзүнө массаж жасатып рахатка батат. Иштеген иши деле жарытпайт.

«Библиотекарь»

Бакашова Жылдыз билими, саясий салмагы менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанар жөнү бар. Болбосо китепканачы болуп жүрүп эле вице-премьер болуу баарынын эле колунан келе бербейт. Ал адамдарга да китепке жасагандай мамиле жасайт.

“Торпедо”

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек “Торпедо” “кличкасына” ээ болууда. Калп айткан менен болобу, Ажикеев Бообектин саясаттагы жүрүшү артка кайтууну билбеген торпедону элестетет. Кемеден чыгарылган торпедо зуулдап барып, объектини барып талкалап, жок кылгандай эле Ажикеев Бообек да көктүгүнө салганда, эр болсоң ага каршы чыгып көр. Ордунан бир козголуп, күүлөнүп алганда, ОБОН атыккан катындар шоона эшпей калышы ыктымал. Тийишкен депутаттардын сазайын берип, сөзүн бөлгөн спикердин айласын кетирип салат.

“Комбайн”

Алмамбет Шыкмаматовду ким билбейт. Текебаевдин көздөй кадры болчу. Мына ушул Алмамбет мырзаны тар чөйрөдө “Комбайн” дешет. Бул “кличкага” ал «Ата-Мекенде» жүргөндө Юстиция министри боло калып кол алдындагыларга “чү” дегенде эле комбайнчасынан олчойгон “салыкты” салып, өзүнүн да, шефтеринин да капчыгын кампайтчу дешет. Ошондо аны карап күлүп, артты карап ыйлагандар аны “Комбайн” аташып, чачынан бутуна чейин сөгүп, ич күптүүлөрүн ичте сактап кала берчү экен. “Комбайн” атыгып жүрүп, ири капитал топтоп, бизнесин баштагандыгы өзүнчө узак сөз болуп айтылат. “Кличкасы” эле айтып тургандай, акчаны чындап эле комбайнчасынан басып койгон белем, учурда бийликти каржы жагынан колдоп, сүрөп, инвестиция министрине айланган.

«Уу коргошун»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоо керек деп жүрүп ээ болгон. Мунун аты жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк масштабда «уу коргошун» атына татыган.

“Тико”

Бул каймана ысымдын ээси ким деп атасызбы? Экс-омбудсмен Турсунбек Акундун “кличкасы” ушундай. Эмнеликтен экенин туюп атсаңыз керек. Көлөмүнөн улам ушундай каймана ысымга ээ болгон. Корейлердин өндүрүшүндөгү “Тико” автоунаасы автоунаалардын “миниатюрныйы” болсо, сакадай бою сары алтын Турсунбек Акун Кыргызстандагы аткаминерлердин “миниатюрныйы” окшобойбу. Жакшылап үңүлсөк, “Тико” “кличкасы каарманыбызга куп жарашкандай. “Тико” темир тулпары сапаты, ыңгайлуулугу менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанбай кое албайт. Барбаган, жүрбөгөн жери жок. Чакандыгынан улам автотыгындарда ыңгайлуу келип, буйтап-суйтап атып жеткирчү жериңе бат жеткирип коёт эмеспи. Анан “Тико” автоунаасынын темири консерванын идишиникиндей эле жука, назик эмеспи, Турсунбек Акундун да нервинин жука экени жамы журтка дайын. Билгендер анын болбогон нерсеге албууттанып, ачууланып, нерви ойноп кетмейи бар экенин айтышат.

“Аптекарь”

Бул каймана ысымдын ээси –Дамира Ниязалиева. Бизнесинен улам берилген “кличка”. Биз билгенден буга өзү чычалабайт экен. “Чындык ушундай да” деп жооп берет. Кыргызстандагы дары бизнесинде монополисттей эле орунду ээлеп, өлкөнүн аймагында ага тиешелүү жүздөгөн дарыканалар иштейт. Дарыканалары өтө көп болгондуктан, Дамира Ниязалиева дарыканалардын бренди сыяктуу эле болуп калды. “Бийлигиң болсо байлык жасайсың, байлыгың болсо бийликке жетесиң” дегенди Дамира Ниязалиева жакшы өздөштүргөн окшобойбу. Бизнеси менен байлыкка да, бийликке да жетип келе жатат. Бир гана жаман жери дарыларды эл-журтка кымбат сатып, пайда тапканды жакшы көрөт. Айрыкча пандемия учурларында.

“Жолчубек”

Бул каймана атка Акаевдин кезинде облустарды башкарып,андан соң Ак үйдүн жетинчи кабатынан түшпөгөн Акаевдин аяшы, бүгүнкү вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин кайын атасы Тойчубек Касымов ээ болгон. Атына уйкаш “кличка” аталышы эле айтып тургандай, Тойчубек мырзанын бардык күч, тажрыйбасын жолдорду оңдоп- түзөөгө жумшагандыгынан улам пайда болгон. Кайсыл облуска губернатор болуп барбасын, 1-кезекте жолдордун абалына маани берип, жаңы жолдорду салдырып, эскилерин жамап-түзөп турганды адатка айландырган экен, кайран киши. Ушундан улам тар чөйрөдө аны Тойчубек эмес, Жолчубек деп атап калышкандыгы бар. Тойчубек Касымов өзү дагы бул аты менен сыймыктанчу экен.

«Тендербай»

Мамлекеттик 110 тендерди жарым миллиард менен жайлаган Тайырбек Сарпашев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости