www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Рыскелди Момбеков абактагы Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыгышты. Бул тууралуу журналист Алмаз Темирбек өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаев Алмазбек Атамбаевге шашылыш кирип кетишти...", - деп жазган ал.

Буга чейин Атамбаев менен Жанар Акаевдин ортосун кара мышык аралап, Жанар Акаев "балашка" деген атка конуп, бири-бирине душман болушкан. Бу жолу шашылыш кирип кеткени таң калууну жаратып жатат. Же Жанар Акаев менен Атамбаев айласы кетип биригип жатышабы?

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алды. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.
Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында денң-соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости