www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССРдин кыйроосу менен колхоз-совхоздор мурдагыдай жогортон башкаруусуз, пландаштыруусуз жана көзөмөлсүз калды. Натыйжада аларда жалпы эмгекке көңүл коштук пайда болуп, чарбаларда мүлктү талап-тоноо башталган. 1991-жылы июль-ноябрь айларында гана кой 2,7 миллионго, бодо мал 39 миңге азайган. Ал эми айыл чарба продукциясын өндүрүү 1993-жылы 1990-жылга салыштырганда 22 пайыз түшүп калган. Айыл чарба жумуштарын жүргүзүү үчүн жыл сайын 2 миллиард 200 миллион сом талап кылынган. Мамлекеттин мындай каражат берүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Ушундан улам эгер дыйкандарга жерди,мүлктү, өз алдынчалуулукту бербесе эмне болмок?
СССРде 45 миллион адам айыл чарбасында иштегени, 300 миллионго чукул эл жарым ач абалында болчу, АКШда 4 миллионго жакын адам 300 миллион элди толук тоюндуруп, ал түгүл азык-түлүктү сыртка экспортойт.
Ал жакта фермерлештирүу иштери мурун эле башталган. Бир фермерге орточо алганда 65 гектар жер туура келет. 2300 гектар жери бар фермерде жыйырма киши гана эмгектенет. Биздеги колхоз-совхоздордо мындай жерлерде 600 -700 киши эмгектенер эле. Кээ бир фермерлер мөмө-жемиштерди өстүрүп өзүң терип ал деген принцип менен иштешет, бул жерде дүкөн, базарларга караганда абдан арзан сатып алышат.
Малды жеткирип койсоңуз аукциондо баасына келтирип сатып бере тургандар бар. Англиялык фермерлер жүн сатып алуу үчүн убара чегишпейт. Жүн сатуу боюнча эл аралык маркетинг борбору иштейт. Жалпысынан өлкө боюнча он сегиз борбор бар, алар жүндүн сортун тон төрт-он беш сортко бөлушөт. Бирок борборлор жүндү сатуудан пайда көрүшпөйт, кызматы үчүн гана тиешелүү акысын алышат.
Талгарбеков КРдин вице-премьер-министри болуп турган кезинде австриялык кочкорлорду жергиликтүү койлордун пародасы менен аргындаштыруу боюнча долбоорду иштете баштаган. Бул максатта республиканын бюджетинен ири суммадагы финансылык каражаттар да сарпталган. Азыр мындай долбоорлор жокко эсе, балким 2005 – жылы бийлик алмашып кетпесе бул долбоор жыйынтыгын бермек. Азыр австралиялык кочкорлордун өздөрү турмак коргоолдору табылбай Талгарбеков “таттуу кыялдары” ишке ашпай калган. Австралиянын көздөрү көрүнбөгөн күрсүйгөн жүндүү кочкорлорун биздин тыртайган койлорубуз менен аргындаштыра турган болсо, балким биз да жүндүү тукумдарды алмакпыз. Бул Бекболот мырзанын ар нерсеге шыктуу өнөрүнүн белгиси болгон.
Кыргызстан айыл чарбалуу мамлекет экени белгилүү. Бекболот Талгарбеков жөнүндө Эл акыны Шайлообек Дүйшеев да ода жаратып, көптөгөн акын-сатириктер ырларын арнаган. Муну коомчулук жакшы билет.Атамбаевдик зордук-зомбулукту тартып, камактан кутулган Талгарбеков Эсенкул Алиевдин Кыргызстан агрардык партиясы менен бирге.
Кезинде А.Акаевдин реформаторлорунун бири Бекболот Талгарбеков «Жерге мамиле фундаменталдык философиялык жана дүйнөнү кабылдоо мүнөзүнө ээ» деп сөздү алыстан баштаган. Түркөй адам чын эле үркөөр сөз. Ар жагын мындай улайт: «рыноктук экономикалуу укуктук өлкөлөрдө жарык дүйнөгө келген эркин граждандар үчүн жерге болгон жеке менчик укугу кудай менен табият адамга берген жашоого жана эркиндикке укук сыяктуу эле кадыресе укук… Сөздү Көктөн баштаган ал бизде да жер рыногун киргизмейин цивилизациялуу рынокко ээ болбойбуз деп абсолют бүтүм чыгарат. Бул багытта башкы прораб жалгыз эмес, аграрчы аталган бир катар прорабчиктер, мастерлер бар. Мамлекет стратегиясын аныктаган эң башкы Архитектордун өзү бар. Андыктан, оболу «Дүйнө кабылдоо философиясы» тууралуу эки ооз сөз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg