www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск COVID-19га төрт жолу тест тапшырып, эки оң жана эки терс натыйжа алгандыгын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
"Бул кандайдыр бир жинди фантастика" деп ишкер окуяга комментарий берди. Маск бир эле күнү төрт сыноодон өткөнүн белгиледи. Тесттер бир эле өндүрүүчүдөн чыккан, экспертизаларды ошол эле медайым жасаган.
Комментарийлерде адамдар ишкер ушундай абалга түшүп жатса, башка адамдар да окшош абалга түшүп калышы мүмкүн деп жазууда. Анын ооруп жаткандыгын же оорубагандыгын түшүнүү үчүн ал бир нече лабораторияда коронавируска ПЦР анализин тапшырууну чечти. Анын айтымында, жыйынтыгы бир күндө даяр болот.
Маск жалпы суук тийүү белгилери бар экендигин мойнуна алган, бирок анализ тапшырууну чечкен.
Something extremely bogus is going on. Was tested for covid four times today. Two tests came back negative, two came back positive. Same machine, same test, same nurse. Rapid antigen test from BD.
— Elon Musk (@elonmusk) November 13, 2020
Булак: NazarNews.kg