www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда болгон айыл чарба реформасы өзүнүн башкача модели менен элди таң калтырып келатат. Оор мезгилде айыл чарба реформасы керек эле. Окумуштуу Талгарбеков негизи Чаяновдун экономикалык принциптерине таянып, айыл чарбасында өзгөчө жаңы модель ойлоп тапкан. Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьери Бекболот Талгарбеков менен маек:

- Ленин коммунизмге НЭП менен жетелеп бармак. Балким СССРдин урашына сталиндик коллективдештирүү себеп болгондур. СССР урап тараган соң, эмне үчүн Чаяновдун моделине түшкөн жокпуз?

- СССР тараган соң Москванын дотациясы менен жан багып, бензин, соляркаларды төгүп-чачкан баягы колхоз-совхоздор таз кейпин кийишип, бир литр бензин үчүн асынып өлгөнгө чейин барып калышкан. Мунайзаттын каатчылыгы, мамлекеттик бюджеттен колхоз-совхоздорго бир тыйын да дотация бөлүнбөгөнү, айыл элин мукуратып, айыл чарбасын жок болуп кетүүгө алып келген.

Эгерде айыл чарбасында колхоз-совхоздорду жоюп ордуна түз эле кооперативдерди уюштурганда, бир колхоздо жыйырмадай кооперация чыкмак. Демек, бир башкарманы активи менен жок кылып жыйырма башкарманы активи менен бага баштамакпыз. Ошол үчүн, биринчиден жерди, мүлктөрдү элге таратып, анан экинчи этапта гана кооперацияга бириктириш керек эле. Кооперацияга биригүү башталган, бирок ортодо бийлик улам-улам алмашуудан улам, бул процесс токтоп турат.

- Орусияда кооперациянын кеңири жайылышы жана өнүгүшү жыйырманчы кылымдын башталышына туура келет. Анын теориялык базасын түзүүдө ири окумуштуу Чаянов жетишерлик роль ойногон. Балким Чаяновдун идеясы бизге туура келмек?

- Чаянов Александр Васильевич дыйкандардын биргелешип, ынтыкмакташып ири товардык өндүрүш жүргүзүшкөндө, жогорку натыйжаларга жетишерин далилдеген. Бирок, бул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай – ал дыйкандар өз менчиктерин, мисалы жерин, малын кооперативге кошуп жиберишкен эмес. Алар өндүрүштүн ар кайсы процессин алышып, ири чарба өндүрүшү пайда алып келе турган иштерге ылайык кооператив түзүшкөн. Мисалы, өз жерлерин чогулушуп айдоо, өндүрүлгөн продукцияларды чогултуп кайра иштетүү, керектүү каражаттарды чогулуп сатып алуу. Ал кезде уюштурулган кооперативдер ыктыярдуу болгон жана кийин уюшулган колхоздорго таптакыр окшош эмес болчу. Чаянов кооперативдер рынок экономикасына ылайыкташтырылган, демек 1920-1930 жылдары айылда орнотула баштаган социалисттик пландык түзүлүшкө туура келбеген. Ошондуктан, Чаянов Александр Васильевичтин кооперация теориясы социализмге каршы деп табылып, өзү 1930-жылы түрмөгө камалып, Алма-Ата шаарына сүргүнгө айдалган.

Бирок Чаяновдун идеялары, сунуштары Европанын башка өлкөлөрүнө тарай берди. Буга жооп катары СССРдеги террор учурунда 1937-жылы Чаянов кайрадан соттолуп, атууга кеткен. 1930-жылдары биздин мамлекетте коллективдештирүү күч менен жүргүзүлүп, кооперация кыймылы түп-тамырынан бери кыркылып жоготулуп, айыл жеринде колхоз –совхоздор орногонун, алар мамлекеттен ири дотацияларды алып өнүгүп-өскөн.

- 1990 жылдары дотациялар жоголгондо колхоздордун эси ооп оор кризиске кабылышып, элди ачарчылыкка, жакырчылыкка айдап киришти. Ошол колхоз –совхозубуз эле жакшы болчу деп ушул кезге чейин айрым аткаминерлер күйүнүшүп жүрүшкөнүн азыр көпчүлүк түшүнүп калбадыбы...

- Кыргызстанда 504 колхоз, совхоздор бар эле, ар бир колхоз, совхоздордо маяна алып кол жоорутпай иштеген көптөгөн жумуш орундары болуп турган. Мейли, миллионер колхоз, совхоздор өздөрүн-өздөрү багып кетишсин, ал эми көпчүлүк колхоз, совхоздор мамлекеттин мойнуна чап минип, мамлекет каржылап турган.Тешик бюджет менен калган мамлекет булардын барын каржылай алмак эмес. СССР убагында Кыргызстанда койлордун башы он жарым миллионго жеткени менен 1994-жылы жарымысына түшүп калган. Абал оорлоп пахта, тамеки, эт-сүт алуу төмөндөп. Парламент тарабынан айыл чарбасына реформага каршы тикесинен-тик турган. 1993 -жылы колхоз, совхоздорго мамлекеттик бюджет тарабынан авансыланып акча берилген. Ошол мезгилде биз жүргүзгөн жер реформасы боюнча жайыттан тышкары айыл чарбасына жарактуу жердин 75 пайызы айыл элине бекер 49 жыл мөөнөткө таратылып берилген. Ал эми колхоз, совхоздордун мүлктөрү да бөлүнгөн.

- Айыл чарбасында реформа жасаган өлкөлөрдө абал эмне үчүн колхоз бойдон калгандардан артыгыраак?

- Бирин-экин мисал келтирейин салыштырып көр. Ооба, көптөгөн жаңы түзүлгөн мамлекеттерде колхоз, совхоздор сакталып калды. Алсак коңшулаш Өзбекстанда колхоз, совхоздор сакталганы менен колхозчулардын ал-ахыбалы “мышык ыйларлык” абалга келген. Каримовдун убагында колхоз сакталганы менен эли талаадан машак терип жан сактап калган. Чындыгы чейрек кылымдан кийин эсине келип биздин моделге түшкүсү келип турат. Жеринин төрттөн бири фермерлик кылам дегендерге ижарага өтүп кеткен. Мына эми 33 миллион калкы бар Өзбекстан кантип жер реформасын кылаарын көрөрбүз. Элге таратайын десе, жеринин төрттөн бири олигархтардын колунда. Кечигишсе да реформа жасаганы турушат.

Казакстанды да колхоз боюнча калган дешип, мисал келтирип жатышат. 1994-жылы алар биздин айыл чарба реформасын көчүрүп алышкан. Бирок казактар көчүрүп алыптыр деп айтышпасын деп казакча моделди ойлоп тапкан. Ал модель боюнча кимде-ким жер үлүшүн, мал-мүлк ала турган болсо акимдин чечими менен ала тургандай кылышты. “Кол ийрисине тартат” дейт акимдердин жакындары жакшы жерлерди, мал-сарайды ээлеп алышып, эл сызга отуруп калышкан. Бирок Казакстан бай өлкө болгондуктан колунда жокторго каралашып, айыл чарбасына дотация берип келүүдө.

Чубайстын модели менен кеткен Орусияда колхоз-совхоздор ваучерге сатылып, орустар ваучерлерин чейрек кылым мурун сатышып башкармалар эбак миллионер болушуп, колхоз-совхоздор акционердик коомго айланган. Айыл чарбасына жарактуу 639 миллион гектар жеринин бүгүнкү күнү 383 миллион гектар жери гана калган. Калганы 256 миллион гектар жери же 12 Кыргызстанга барабар жери жок болгон.

Колхоз менен калган Беларуссияда айыл чарбасына тиешелүү трактор, жер семирткич чыгаруучу үч заводдору менен калган, географиялык жактан жакшы жерде орун алган “Батька” мактана тургандай жагдайлар бар. Колхоз-совхоздорду сактап калган Түркмөнстан газы аркылуу байлыгы ашып-ташып турса да азык –түлүк жаатында кем, ун, нанга кезек күтүп турушат.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости