www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов: «Жакында кант менен май арзандайт»

Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын арзандатуу үчүн мамлекеттен ири суммадагы каражат бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов КТРКга берген маегинде айтты.

Журналист ага баалардын кымбатташын ооздуктоо үчүн өкмөт кандай аракеттерди көрүп жатат деген суроо берген.

«Ооба, баалардын өсүшү өтө көйгөйлүү маселе болуп турат. Эң маанилүү 16 товардын 12синин баасынын өсүшү токтобосо, мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизүүгө аргасыз болобуз. Бирок ага жеткирбей бааларды түшүрүшүбүз керек. Бул үчүн кумшекер жана өсүмдүк майын чет өлкөдөн ири көлөмдө сатып алуу максатында каражат бөлүндү. Жакын арада жыйынтыгын эл сезе башташы керек», — деди өкмөт башчы.

Бирок бөлүнгөн каражаттын суммасы так айтылган жок.

Ошондой эле, сөз болуп жаткан эки азыкты өзүбүздө көбүрөөк өндүрүү үчүн кант кызылчасын, күн карама сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүргөн дыйкандарга ар тараптан жардам берүү маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Премьер кошумчалагандай, канттын баасын кармап туруу үчүн "Кайыңды-Кант" заводунун жетекчилиги менен бааны бир нече ай бою 54 сомдон ашырбоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости