www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Менимче «Кумтөрдү» айтпаган жана жазбаган киши калган жок окшойт. Алтын кениндеги жана энергосектордогу коррупциялык иштер боюнча өзүм дагы көптөгөн түз эфирдеги берүүлөргө катышып, ММКаларга өз оюумду айтып келгем. Кыргыз Республикасынын территориясындагы алтын кендери боюнча толук информация да алгам. Бирок «Кумтөрдүн» проблемасын фактылар менен коштоп датасынан бери көрсөтүп кимдин эмне деп сүйлөгөнүнөн бери көрсөткөн автор мамлекеттик жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков болду десем жаӊылышпасам керек. Буга чейин автордун «Кумтөртөгү «алтын» мафия» деген биринчи китебин окуп таанышкам. Андан кийин удаа эле Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине тапшырган алтын мафиясы жөнүндөгү чоӊ көк папкага салып жиберген материалдарынын бир копиясы колума тийген. Тилекке каршы элден мурун депутаттык комиссия, андан кийин мамлекеттик комиссия ошол материалдардын чын төгүнүн аныкташ үчүн «Кумтөргө» барып келип ооздоруна суу ууртап алгандай болуп тып басылышты.
Кубанычбек Исабековдун фактылар менен көрсөтүлгөн материалдары менен, ошол көк папкадагы Садыр Жапаровдун материалдарын жана таанышкан адамдардын төбө чачы тик турбай койбойт. Өзгөчө финансистердин десем жаӊылышпасам керек. Себеби «Кумтөр» алтын кенинин айланасында ушунчалык деӊгээлдеги жеп ичүүлөр болот деп түшүмө да кирген эмес.
Кыргызстандагы пайдалуу тоо кендерин геологиялык чалгындоо жана проектик пайдалануу иштери, ТЭОлор союздун убагында эле бүткөрүлүп миллиондогон акча каражаты жумшалып аларды казып алуу иштери эле калган. Бул материалдардын оригиналы Ленинградда сакталып копиясы Кыргызстанда болгон. Бул мамлекеттик сыр катары сакталууга тийиш болгон. Союз тарагандан кийин бул информацияны чет өлкөлүк кузгундар пайдалануу аракетин көргөн. Себеби бул материалдар жашыруун сыр катары сакталса СССР таркап таркабай жатып чет өлкөлүк жашыруун агенттердин кызыгуусун туудурган жана атайын даярдыктан өткөн Бирштейнге окшогон адамдар ар бир постсоветтик өлкөлөрдө кеӊешчи катары жиберилген. Муну жөнөкөй эле кеӊешчи эмес өнөр жай шпионажы дейт. Болбосо кайдан жайдан келгени белгисиз Бирштейн «Кумтөр» алтын кенинин мынчалык көлөмүн жана баалуулугун кайдан билмек эле.
Демек Кыргызстан өз алдынча мамлекеттикке ээ болгондон кийин анын экономикасын кантип талкалаш керек жана кайсы жерлердеги алтын күмүштөрүн алып кетиш керек деген эл аралык мафиоздордун проектиси мурун эле иштелип чыкканы билинди. Буга мамлекет куруудагы жана башкаруудагы тажрыйбасы жок компетентсиз жана акчаны көргөндө ата энесин да сатууга даяр ач көз абийирсиз адамдардын бийликке келиши ого бетер аларга жакшы шарт түзүп берген.
АКШдагы Аппалач тоолорундагы, Россиядагы Урал тоолорундагы кен байлыктары ал өлкөлөрдү дүйнөдөгү ири өнөр жайлуу өлкөлөрдүн катарына кошту. Аларда деле коррупция жана рейдерлик аябагандай зор өлчөмдө болгон. Бирок алардын миллионерлери байлыгын башка өлкөлөргө ташып кеткен эмес. Тескерисинче өз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүүгө жумшашкан.
Кыргызстанда болсо тоо-кен өнөр жайынан азырынча эч кандай пайда түшкөн жок. Келтирилген моралдык жана материалдык зыяндары, жаратылышка келтирген зыяндары бюджетке келип түшкөн кирешелерден алда канча көп болуп калды. Ал турсун СССРдин убагындагы чалгындоо жана проектилөө иштерине кеткен чыгымдардын ордун толтурдубу же жокпу эч ким эсептей элек. Алтын казган компанияны салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуу жана жасалма эки-үч, кээде ондогон эселенген чыгымдар аркылуу пайдасы жок зыяндуу кылуу эч кандай акылга сыйбаган көрүнүш. Ал турсун 2009-жылкы Жогорку Кеӊеш бекиткен келишимдин негизинде «Кумтөр» алтын кенин дээрлик мамлекеттин юрисдикциясынан чыгарып коюшкан.
Компания Кыргызстандын территориясында Кыргызстандын алтынын иштеткен акционердик биргелешкен ишкана катары Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеш керек жана салыктарды жогорулатылган деӊгээлде төлөшү абзел. Жергиликтүү тургундардын айлык акысы менен чет мамлекеттен келгендердин айлык акыларындагы жана социалдык коргоо төлөмдөрүндө айырмалар болбоого тийиш эле.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык мыйзамдардан төмөн тураары да абсурд. АКШнын кичинекей бир шаарынын сотунун чечимин бир дагы эл аралык сот жокко чыгара албайт. Жакында Россия Федерациясы да өзүнүн Конституциясына ошондой оӊдоолорду киргизди. Биздин юрист сөрөйлөрүбүз жана депутаттарыбыз тескерисинче эл аралык деӊгээлдеги аферистерди жана жергиликтүү коррупционерлер синдикатын колдогон мыйзамдардын улам жаӊы түрүн киргизүү менен алек. Ошол Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчалардын эсебинен Соростун гранты дешип Кыргызстанга каршы мыйзамдарды кабыл алып жатышат.
Демек Кыргыз Республикасынын биринчи күндөрүнөн баштап эле эл аралык деӊгээлдеги системалуу уюшулган экономикалык кылмышкерлер тобу пайда болгон. Тилекке каршы ал кылмышкерлер тобуна өлкө жетекчилери өзүлөрү баш болуп кирген. Ар кандай деӊгээлдеги текшерүүчүлөр, адвокаттар, соттор, прокурорлор, башкаруу стуктураларынын башчылары жана кызматчылары, депутаттар жана саясатчылар катышкан. Ар бир бийлик баскычында жана укук коргоо органдарында отургандардын кылмыштык так милдеттери болгон жана тиешелүү долялар болгону билинип турат. Ошол жылдардан ушул мезгилге чейин жаап жашыруу аракеттери жана аларды ачыкка чыгарууга аракет кылгандарды куугунтуктоолор жана адам өлтүрүүлөр уюшулган кылмышкерлер тобу такай иштээрин жана өтө чоӊ коркунучтуу күчкө айланганын көрсөтүп турат. Мындай көрүнүш айрыкча энергосектордо, жол курулушунда, фармация бизнесинде, бензин бизнесинде, же дээрлик бардык тармактарда орун алып, эл аралык донорлор аркылуу колдоолор көрсөтүлүп турат. Андыктан бул өтө актуалдуу проблемалар жана маселелердин дагы деле чечилээрине күмөн жаратат.
Ал эми Кубанычбек Исабековдун биринчи жана экинчи китебиндеги фактыларга келсек «Кумтөр» алтын кенин талап тоноого мамлекеттик башкаруунун бардык структурасы катышканы так далилденип берилген. Бул Кыргызстан үчүн экинчи Нюрнберг процессин уюштурууга болот дегенди түшүндүрөт. Кубанычбек мырза кааласа каалабаса да Нюрнберг процессиндеги СССРдин комиссиясынын председатели А.Вышинскийдин ишин аткарган.
Айылчы Сарыбаев. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор.
Макала К.Исабековдун "Кумтөр - акталбаган үсүттөр" китебинен алынды. Китептин материалдары талашсыз жана эл аралык кылмышкерлер синдикатын толугу менен жоопко тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Булак: NazarNews.kg