www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкыларды мыйзамдаштырыш үчүн мурунку башкы мыйзамды мыйзамсыз бузуп мыйзамсыз жаӊы мыйзамдарды жазабыз. Талаш башталса ал мыйзамды да бузуп кайра жаӊысын жазабыз. Бизде эч качан мыйзам аткаруу болгон эмес. Өзү мыйзамсыз отуруп алып кайра жаӊы мыйзамсыз мыйзам жаза башташат. Талаада иштей турган эч ким жок. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

Ага кошумча: --Кыргызстанда 30 жылдан бери еврейлер жөнүндө айтылган анекдоттун реалдуу иши жүрүп жатат десек болот. Ал анекдот мындай И.В Сталин еврейлердин диаспорасынын башчысын чакырып алып «Биробиджанага барып колхоз кургула, жаныӊарды баккыла» деп тапшырма берет. Бир айдан кийин Еврейлердин башчысы Сталинге мындай телеграмма жөнөтөт экен. «Жолдош Сталин! Биз колхозду уюштурдук. Башкарманы шайладык. Башкы экономист, бащкы бухгалтер, башкы зоотехник, башкы агроном, башкы механик, ферма башчылары бүт дайын болду. Эми колхозчуларды жиберишиӊизди күтөбүз» деп.

Бизде болсо бүт иштей турган жаштарыбыз мигрант болуп кеткен. Калган каткандарыбыз ошол кадрлар резервин даярдап тууган туушкандарыбыз менен толтуруп койдук. Талашканыбыз болсо жалаӊ башкылар болуп жатат. Башкыларды мыйзамдаштырыш үчүн мурунку башкы мыйзамды мыйзамсыз бузуп мыйзамсыз жаӊы мыйзамдарды жазабыз. Талаш башталса ал мыйзамды да бузуп кайра жаӊысын жазабыз. Бизде эч качан мыйзам аткаруу болгон эмес. Өзү мыйзамсыз отуруп алып кайра жаӊы мыйзамсыз мыйзам жаза башташат. Талаада иштей турган эч ким жок. Иштей турганы мигрант болуп кетишкен. Кара жумуштан качканы мыйзамсыз мыйзам жазып кызмат талашып отурушат. Мыйзамсыз мыйзам жазып кызмат талашкандарды багуу үчүн кайра кайра башка мамлекеттерден карыз сурамай. Карыз берсе эмне үчүн кечпейсиӊ деп кекетмей. Айласы кеткенде жарды жалчы букараларын акча чогултуп карызды төлөгүлө деп коркутмай. Жэ андай эмеспи, - деген экономист Айылчы Сарыбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости