www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровдун, Ташиевдин, Зулушовдун, Мамытовдун биз билбеген, ал эми Ажар Касымалиева деген жугундукор мартышка билген кандай кылмыштары бар эле, түшүнбөдүм. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
"Атамбаев боштондукка чыгат экен деген имиш таркагандан бери, анчадан бери аты-жыты чыкпай жым болуп калышкан жугундукорлорго жан кирип, жабыла баштарын көтөрүшүп "Атамбаев аппак" "Атамбаев зор иштеген", дешип социалдык тармактардан чыга башташты.
Атамбаев алты жыл бою президент экенин унутуп, басып-туруп Бакиевди жамандап мөөнөтүн өткөрдү эле. Эми аны колдогон гени бузук жугундукорлору Бакиевди каралашты улантып жатышат. Ошолордун бири Ажар Касымбекова деген акылы кем түйдөк чач Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Зулушовду, Мамытовду Бакиевге жармаштырып, өзүнүн арам оюн чыгарыптыр.
Биринчиден: Бакиевдин кеткенине он жыл болду. Бул жугундукорлор ичер суусу, көрөөр күнү түгөнүп, акыркы демин чыгарып жатканда да Бакиев деп өлүшөт окшойт.
Экинчиден: эгер Жапаров, Ташиевдер Бакиевдин кадры болсо эмне болуптур? Кайра жакшы эмеспи, себеби Бакиев кадр тандашта эч адашкан эмес. Керек болсо, ушул жугундукорлор калкалап-коргогон Атамбаев, Отунбаевалар деле Бакиевдин кадрлары болушуп, бирге иштешкен.
Болгону Атамбаев дармоеддик кылып, иш кылбастан, виного тоюп өнөр көрсөтө берген үчүн, кызматтан бошотуп койгон. Бирок, Бакиев Атамбаевди жаман дебестен, анын иш жакпас бок курсак экенин элге жарыя кылбай, тескерисинче орден менен сыйлап, адамча бошоткон болчу.
Бул Ажар деген көк мээ дура: "булардын эски кылыктарын кантип унутат элек" деп жазыптыр. Садыр Жапаровдун, Ташиевдин, Зулушовдун, Мамытовдун биз билбеген, ал эми Ажар Касымалиева деген жугундукор мартышка билген кандай кылмыштары бар эле, түшүнбөдүм. Болсо факт менен жазып чыкпайсыңбы, былжырабастан. Бакиев такыр уйку бербей койгон бул жугундукорлорду эмне десе болот?
Садыр Жапаров: "куугунтук болбойт" деген сөздү айтып койгондон бери, бул бетин жуубаган арам тамактар оюна келгенди жазып калышты. УКМК, ушундай жалган жалаа жазгандарды текшерип контролго алыш керек. Жапаров, Ташиевдердин мурдагы кылгандары эмне экен, далилдеп берсин", - дейт
Булак: NazarNews.kg