www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркек кишиге деген өзгөчө сезим пайда болуусу үчүн, айымдар мырзаларды кем дегенде алты жолу көрүшү керек экен. Бул маселенин чын төгүнүн далилдөө үчүн окумуштуулар жалгыз бой аялдарга байкоо жүргүзүшкөн. Белгилүү болгондой, айымдар жаңы мамиле курууда ашыкканын эч көрсөтүшкөн эмес.

Болочок жарын аныктоо үчүн аялдарга алгачкы таанышууга орточо эсеп менен 45 секунд убакыт кетет. Биринчи кезекте алар эркектин көзү менен жүзүнө көңүл бурушат. Андан кийин изилдөөгө өтүшөт. Экинчи, алардын көзүнө түшө турган жери манжасы, нике шакеги бар-жок экендигин аныктоо болот. Ошондон кийин гана кийими, өзүн кандай алып жүрүшү, сүйлөгөн сөзү бааланат.

Айымдар ал тургай, бир көргөндө физикалык жагын, терисин, тырмагын дагы караганга жетишет. Ушундан кийин гана алар ошол адам менен мамилени ары карай улантуу керек же жок экендигин чечишет.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости