www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Каныбек Осмоналиевич, сиз учурунда дин иштери боюнча комиссияны жетектегенсиз, бул тармакты ичтен билесиз дегендей. Азыркы диний кырдаалга кандай баа бересиз?
— 1991-жылы 17-декабрда али Кыргызстандын Конституциясы кабыл алына электе дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамды Батыштын “чебер” технологдору бизге таңуулап, Орто Азияда биринчи болуп кабыл алдырып жиберишти. Ага ылайык, каалаган диний конфессиянын өкүлдөрү өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн ачканга мүмкүнчүлүк алышты. Он эле кишинин башын бириктирген адам диний уюм түзүүгө укук алды. Натыйжада диний уюмдар козу карындай жайнап кетти. Айрыкча протестанттар. Ачык эле айтыш керек, биздин ошо кездеги саткын төбөлдөрүбүздү пайдаланып, жетинчи күндүн адвенттистери, элүүнчүлөр деген сыяктуу уюмдар каптап киришти. Алардан бир аз кечигип, ислам башын көтөрө баштады. Эгер СССРдин учурунда Кыргызстанда 37 эле мечит болсо, бүгүнкү күндө 2700дөн ашуун мечит, жүзгө жакын медреселер бар. Алардын саны көбөйгөнүнө каршылыгым деле жок, бирок сапаты кандай болууда? Эң коркунучтуу нерсе, Аскар Акаевдин администрациясы ошол кезде өзүн динден биротоло оолактатып алды. Муну көрбөй туруп жасашты дегенден алысмын. Көрүп туруп жасап жатышты. Себеби, кээ бир бийлик төбөлдөрү үчүн бул абдан ыңгайлуу болду. Кээ бир министрлер, атүгүл премьер-министрлер үчүн кирешенин туруктуу булагы болуп жатты. Аларды кадимкидей каржылап турушту. Ошолордун баары жыйналып отуруп, бүгүнкү күндөгү абалга алып келди. Мен билим берүү министрлигинде иштеп турганда бир нерсеге таң калгам: ошол кезде молдолор ийменип, мамлекеттин саясатын колдоп турушса, он бир эле жылдын ичинде алар такыр башкача деңгээлге чыгып алышты. Мындай абал менимче, бийлик менен Кыргызстандагы дин өкүлдөрүнүн Конституциянын кээ бир нормаларын бузушуп, бири менен бири жуурулушуп, биринин ишине бири ачык эле кийлигишип жатканынан болууда.
— Таблиг жамаат, салафизм сыяктуу агымдар тууралуу эмне айта аласыз?
— Таблиг жамат деген эмне? Ал саясатка жыкындышып кеткен агым. 1927-жылы Индия менен Пакистан али бөлүнө элек кезде молдо Ильяс Дели шаарында Таблиг жамааты деген диний уюмду түзгөн. Бирок, анын негизги ишмердүүлүгү миссионердик багыт болгону менен элүү пайыздан кем эмес аракеттери англиялык колонизаторлорго каршы күрөшүүгө багытталган. Демек, булардын салты башынан эле саясатка жакын. Токсонунчу жылдары Пакистандын Лахор сыяктуу эки-үч шаарында мурдагы союздук республикаларга багытталган медреселер ачылып, биздин балдарды тарта башташты. Бүгүнкү күндөгү таблиг жамааттын лидерлеринин баары ошол жерден окуп келишкен. Акаевдин дагы бир чоң кемчилиги – аларды көзөмөлдөткөндүн ордуна колдогон саясат жүргүздү. Ошол эле учурда кошуна Казакстан,Тажикстан, айрыкча Өзбекстан таблиг жамаатка катуу бөгөт коюшту. ОДКБнын баардын мүчөлөрү өздөрүнүн сотторунун чечими менен аларга тыюу салып коюшту. Ал эми Кыргызстанда эч кандай чектөө жок.
Ал эми салафизм баштапкы мусулмандар деп которулат. Пайгамбарыбыздын учурундагы жана андан кийинки сахабалардын жүргүзгөн саясаты. Эми ошого кайра барышыбыз керекпи? Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Төрт мазхабдын ичинен биздин ханафий мазхабы эң демократиялуу, эң алдыга умтулган мазхаб экенин арабдар өздөрү деле айтып жүрүшөт. Ошону эле кармансак болот да. Эмне үчүн Тажикстандын президенти Рахмон 2009-жылды ханафий мазхабдын жылы деп жарыялады? Себеби, алардын башынан жарандык согуш өтүп, көрүштү да.
— Өзүнө кол салуу болгондон кийин теолог Кадыр Маликов “биз көзөмөлдү колдон чыгарып жибериптирбиз” дегендей сөздөрдү айтты. Сиз кандай дейсиз, диний кырдаал чындап эле көзөмөлдөн чыгып кеткен жокпу?
— Мен көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин Маликовго 2008-жылдан бери эле айтчумун. Анда Кадыр мырзанын көз карашы башкачараак болчу. Мына эми башына түшкөндөн кийин айтып атат. Бул үчүн ал өзү да жоопкер.
Мен таңкалам да, дин өкүлдөрү эмне үчүн саясатка жармашат? Демек, бул жерде чоң себеп бар. Биз бүгүнкү күнгө чейин чыныгы ислам интеллигенциясын түзө алган жокпуз. Бизде бир дагы эл аралык деңгээлдеги ислам теологу жок. Бардыгы чала молдолор. Анан билим жок болгон жерде интрига күч алат, колдоону бийликтен издей башташат. Бийлик менен жуурулушуп атканы ошондон. Мен эки-үч жолу дүйнөлүк деңгээлдеги ислам конференцияларына катыштым. Ыраматылык Мураталы Жумановго абдан ыраазымын, өмүрүнүн аягында көп конференцияларды уюштура баштаган. Бир жолу Саудиянын Жидда шаарында ошондой чоң конференция өтүп, башкы муфтий эки көзү азиз киши экен, мен конференциянын жүрүшүндө аны менен тилмеч аркылуу сүйлөшүү бактысына туш болдум. Ошо киши айтып атпайбы, “бизде муфтийлик – чоң жоопкерчилик. Бул кызматка көрсөтүлгөндө биз “Кудай менен элдин ортосундагы көпүрө болгон менин колуман келээр бекен?” деп ыйлап барабыз. А силерде тескерисине, муфтийликти талашышат экен. Бул силер исламдын чыныгы баалуулуктарынан дагы эле алыс экениңердин белгиси” деди. Андан бери он бир жыл өттү, бирок, кырдаал азыр деле анчалык өзгөрүп кеткен жери жок. Бир-эки сүрөөнү жаттап алса эле өзүн муфтий болгонго даярмын деп эсептешет. Медреселердин саны көбөйгөнүнө менин каршылыгым жок, бирок, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин унификацияланган окуу программасы жок? Жүз медресе болсо анын төрттөн бир бөлүгү Саудиянын көз карашын ээрчишет, төрттөн бир бөлүгү Түркиянын саясатын жүргүзүшөт, дагы бир бөлүгү өзүбүздүн чала сабат молдокелерибиз. Анан ич ара мушташып атышпайбы. Баары тең тапкан-ташыганын көтөрүп алышып, паракор чиновниктер менен обу жок сотторго барышат. Кадыр Маликов ушуларга абдан катуу каршы чыккан жигиттердин бири эле. Кийинки учурларда ал да бошоңдоп кеткен. Мен ачык эле айтып коёюн, биздин мамлекет диний, анан светтик саясаты жүргүзгөн жери жок. Динчилдерди шайлоого гана пайдаланып жатышат. Аларды өздөрүнүн саясый максаттарына жетишүү үчүн колдоно турган курал кылып алышты.
— Мен балким жаңылышып жаткандырмын, бирок, динге карата бизде туруктуу саясат жүргүзүлбөй жаткандай сезилет. Бул дин иштери боюнча комиссиянын төрагалыгына кимдер дайындалып, алар канча убакыт иштегенинен эле көрүнүп тургансыйт.
— Комиссиянын төрагасы “тегерек үстөлгө” чакырса барбаса, ачык дискуссияларга катыша албаса, дүйнөлүк деңгээлдеги конференцияны өзүбүздө уюштурмак түгүл уюштурган жерге да барбаса, анан каяктагы саясатты жүргүзүшөт? Кайсы молдо озунуп жетип барып, өзүнүн көз карашын таңууласа ошого макул болсо, анан кызматка кокустан кишилер келсе… Менин көз карашымда, билим берүүнү, илимди, динди бир эле ведомствонун ичинде кармаган туура болмок. Эмне үчүн 60 млн. калкы бар Түркия дин башкармалыгын билим берүү министрлигинин астында түзгөн? Диний багыттагы имам-хатиб лицейлеринде да кадимкидей жалпы билим алгандыгы тууралуу аттестат берилет. Ал аттестат менен медициналык, экономикалык окуу жайларга тапшырса болот. Мисалы, Эрдоган ошондой лицейди бүткөн. Эмне үчүн бизде да ошондой мектептерди ачууга болбосун? Ошондо жүздөгөн медреселер өзү эле тартипке түшүп калат эле да. Биз муну канча жолу айтып атып тилибиз тешилди. Бакиев макул болгон, Атамбаев да түшүнгөн. Бирок, иш жүзүнө келгенде муфтиятка берип коюшат. Буга чейин расмий бийлик шайлоолордо жана башка иштерде имамдарды, диний аалымдарды пайдалынып келген болсо, азыр диний аалымдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын таңуулай башташты. Мисалы, Чубак ажынын билдирүүсү “мен силерге өткөрүп койгом, эми эмне кылышты өзүм билем” дегендей эле болду да. Ачык эле айтты го, “канча депутаттын никесин кыйгам, керек болсо бетиңерди ачып коём” деп. Ага президент же премьер министр жооп бериштиби? “Эй, эмне деп атасың? Кайсы депутаттын, же чиновниктин токолуна нике кыйдың эле?” десе болот эле да.
Саудиянын Кыргызстанды теократиялык өлкөгө айландырсак деген далалаты абдан күчтүү. Бир эле Саудия эмес, Кувейт, Катар, Бириккен Араб Эмираттары да кызыкдар. Мен азыркы президентке, өзүмдүн иниме чын ден соолук, ийгилик каалап, ушул жагын катуу кармап берсе деп суранат элем. Себеби, кыргыздын дүйнө таанымы кошуналарга караганда абдан айырмалуу. Биз эч убакта фанатик фунтаменталист болгон эмеспиз. Светтик жол менен кеткенибиз гана Кыргызстандын келечегине ачык-айкын жол ачып берет.
Жамгырбек Тектирчиев
Булак: "Азия Ньюс"