www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарынын борбордук паркын реконструкциялоо иштери мындан 2 жыл мурун башталганына карабай, бүгүнкү күнгө чейин толук аягына чыга элек. Бул  тууралуу аталган шаардын тургундары нааразы пикирлерин социалдык баракчаларга жазып чыгышты. Айталы, жаш активист Бектурсун Такелеев фейсбуктагы баракчасына  “Музей-туалет». Талас шаардык паркы. Курулуу баасы 1 млн. сомдон ашкандыктан кирүүдөн уяласың. Жабык турат”,-деп жазып чыккан. Мындан соң Govori.tv аталган дааратканын төркүнүнө кызыгып көрүп, бир катар жагдайларды аныктады.

Бизге белгилүү болгондой, 2016-жылы Талас шаарында Анарбек Кушубеков мэр болуп турган чакта шаардык кеңештин чечими менен Талас шаарынын борбордук паркын реконструкциялоо чечими чыгат. Буга ылайык, жергиликтүү бюджеттен реконструкцияга жалпысынан 7 млн. 150 миң сомдук каражат бөлүнөт.  Бул каражатка парктын жаңы долбоор иштелип чыгып, тротуар, отургучтар, унаа токтоочу аймактар курулуп, Ч.Айтматов көчөсү жагына арка жана парктын ортосуна заманбап үлгүдөгү даараткана курулаары айтылат.

Ошону менен ишти аткаруу Талас шаардык  Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Тилек Киргабаковго тапшырылып, анын жетекчилиги астында курулушту жүргүзүүгө тендер жарыяланып, Бишкектен келген курулуш компаниясы реконстукциялоого киришкен.

Бирок, атын атагысы келбеген шаардык кызматкердин бизге билдиришинче, аталган компанияга Талас шаар башчылыгы 2,5 млн. сом карыз болуп, мунун ишти аткаруучулар да реконструкцияны аягына чыгарбай таштап койгон. “Биздеги маалыматтар боюнча, учурда бул боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы кылмыш ишин козгогон. Бирок, эл күткөн жыйынтык чыга элек. Ал эми 1 млн. 400 миң сомго бааланган парктагы даараткана толук бүтпөгөндүктөн, иштебей турганы чындык”,-дейт жергиликтүү чиновник.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости