www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын ич ара ыркы кеткен заманда ырылдашып жашап атырбыз, бурадар! Исламчы, теңирчи тирешине жол бербей, канткенде орток пикирге келер экенбиз?..

Сырттан келген диний таасирлердин агымы көөнө кыргыз тукумун бирине бирин каршы тирештирип аткан жокпу? Ислам менен теңирчилик тирешинен жалпы жыргыз жамааты эмнени утат? Жок, кайра-кайра жок! Мындан эч кимиси эч нерсе утпайт, кыргыз өзүн өзү жутат!

Андыктан диний чөйрөнүн таасирдүү таксырлары менен прогрессивдүү көзкараштагы интеллектуалдар чөйрөсүн баарлашуу аянтчасына чакырууну максат кылдык. Бул демилгени уюштурууну «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир менен «Кереге кеңеш» коомдук фондусунун төрагасы, диний эксперт Искендер Ормон уулу моюнга алмакчы.

Иш-чаранын максаты – орток пикир жаратар диалог куруу; салттуу ислам дөөлөтүн кыргыз кыртышына канткенде жайылтуу; Интернет айдыңында күндөн күнгө күчөнгөн караламан калктын кайым айтышуусуна жол бербөө; диний пикир келишпестиктен бөлүнүп-жарылууга алып барар кооптуу жагдайларды талкуулоо максатында:

Кыргыз Республикасынын Муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушевди; Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы жана Кыргызстандын Ислам Университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов жана белгилүү диний аалым Чубак Жалиловду орой көз чарай кепке чакырабыз.

Эскертүү: Азырынча эки тараптын диалогу кайсы бир күнгө так белгилене элек. Эгер диний таксырлар диалог курууга макулдуктарын билдиришсе, баарлашууга келген меймандарыбыздын аңгеме дүкөнүн окурмандарыбызга толугу менен тааныштырабыз…

Булак: "ruhesh.kg"

Последние новости