www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртеби-кечпи, ал келет. Карылык. Андан качып кутулуу мүмкүн эмес. Аны жокко чыгара албайсыз. Бирок, дал азыр картайган чагыңызда өкүнбөй турган аракеттерди жасай аласыз. Андай болсо, карыган кезибизде биз кандай аракеттерибиз үчүн өкүнүп калышыбыз мүмкүн?

Бул тууралуу transurfing-real.ru басылмасы жазат.

-Түгөнбөс телесериалдар менен реалити-шоулор, программаларды көрүп олтурганыбыз үчүн;

-Биринчи орунга чыныгы жашоону эмес, социалдык тармактагы жашоону койгонубуз үчүн;

-Дени сак жашоо салтын сактабай, жалкоолукка алдырганыбыз үчүн;

-Дайыма бир жакка шашып жатып жаратылыштын сулуу көрүнүшүнөн куру калганыбыз үчүн;

-Жашоону тереңирээк изилдөөгө аракет кылбаганыбыз үчүн;

-Күндүн атып, кечинде батышын өз көзүбүз менен көрбөгөнүбүз үчүн;

-Коомдун пикирине көз каранды болгонубуз үчүн;

-Эрте чоңоюп, бала болуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылганыбыз үчүн;

-Досторубузду туура баалабаганыбыз үчүн;

-Көпкө чейин жакындарыбыздын жасаган катачылыктары үчүн кечирбей келгенибиз үчүн;

-Аз күлүп, аз көңүл көтөргөнүбүз үчүн;

-Өзгөлөрдүн жагымсыз пикирлерин жүрөгүбүзгө өтө жакын кабыл алганыбыз үчүн;

-Өзүбүздөгү талантты муунтуп, балалык кыялдарыбызды аткарбаганыбыз үчүн;

-Аз саякаттаганыбыз үчүн;

-Көп коркконубуз үчүн;

-Көп иштерде кайраттуулук көрсөтө албаганыбыз үчүн. Кыйын мезгилде дароо жеңилипбергенибиз үчүн;

-Материалдык нерселерге көбүрөөк басым коюп, күч-аракетибизди керексиз нерселерге жумшаганыбыз үчүн;

-Маанилүү нерсени айтпаганыбыз үчүн.

Эгер ушундай болсо, карылык келе электе туура чечим кабыл алууңузга тилектешпиз! 

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости