www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурунку башчысы Улан Чалбаев менен Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурунку башчысы Кылычбек Арпачиев жатак абактарда жаза өтөп жатышат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сайтында жарыяланды.

У.Чалбаев соттун эки инстанциясынын чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 327-беренесинин (пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү) 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Ал 2020-жылы 31-январда УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-1 мекемесине которулган. 6-февралда тергөө изоляторунан Молдовановка айылында жайгашкан №47 түзөтүү абагына которушкан.

Жаза мөөнөтү 2018-жылы 21-апрелде башталган. Ал эми 2021-жылы 18-июлда жаза мөөнөтү аяктайт. ЖАМКтын атайын комиссиясынын 2020-жылдын 24-февралдагы чечими менен Чалбаев Кеминдеги №38 жатак абакка которулган.

«Чалбаев чарба ишинде эмгектенгендиктен абактын жатаканасында жашап, пескоблок чыгарган цехте иштеп, ошондой эле талаа иштерине тартылат», - деп айтылат маалыматта.

К.Арпачиев 2016-жылы соттун эки инстанциясынын чечими менен пара опузалап талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка 14 жылга эркинен ажыратылган.

ЖАМКтын атайын комиссиясынын чечими менен Арпачиев Беловодск айылындагы №45 жатак абакка которулган.

«Арпачиев чарба ишинде эмгектенгендиктен абактын жатаканасында жашап, куш фабрикасында, ошондой эле талаа иштеринде иштейт», - деп айтылат маалыматта.

Жатак абактагы адамдар жасаган ишине жараша бир айда 3000-3500 сом эмгек акы алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости