www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа өлкөдө күнүнө 1100дөн ашуун адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын билдирди.

Бул тууралуу министрдин Твиттердеги баракчасына жарыяланган инфографикада айтылды.

Акыркы 24 саат ичинде 33 559 адам тесттен өтүп, 1118 коронавирустун жаңы учурлары катталган. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 30 бейтап коронавирустан көз жумган, натыйжада каза болгондордун жалпы саны 4461ге жеткен.

Бүгүнкү күнгө карата аталган республикада 160979 учур катталган. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 1-июндан тарта өлкөдө карантин жеңилдетилет деп жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости