www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Советтик Армия дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бири болгон. СССР заманында Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Орто Азия аскер округуна тиешелүү эле. СССР кансыз жол менен бөлүнө турганда, ар бир мамлекетте эмне мүлк болсо, ошонун бары ошол мамлекетке тиешелүү болгон. Бир гана ядролук куралдары Украина, Казакстан, Белорусиядан алынып, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө топтолуп, ал гана ядролук мамлекетке айланган. Бирок, бизге тиешелүү аскердик мүлккө суук колун матыргандар да болбой койгон жок. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон соң Феликс Кулов ал мезгилде жаңы ишке кирген вице –президенттик кызматты ээлейт. Ал бул кызматынан пайдаланып Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тик учмаларын Орусияга сатып жиберип, ансыз деле союз тарап күчү азайып бараткан кыргыз армиясынын күчүн азайтууга зор салым кошкон.

Аскердик “Дастан” заводу

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы депутаты Улукбек Ормоновдун күчү менен чачырап, сатылып кетпей калган “Дастан” заводу бар. Өлкөбүздөгү жалгыз жөнөкөй жана реактивдүү торпеда чыгарган завод «Дастан» аскер-өнөр жай комплекси болуп эсептелинет. Союз убагында курулуп, чыгарылган торпедолору ташылып кетип тургандыктан, Кыргызстандын өзүнө бул завод деңиз - аскердик күчтөрү жок болгондуктан кереги деле жок. Көпчүлүк чыгарган продукциялары Орусияга, Индияга экспорттолот.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү

Өлкөбүздүн армиясынын саны жана курал түрлөрү боюнча так маалымат айтылбаса да анализ кылып билсе болот. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу саны — 15 миң адам. Көбүнесе контрактык негиздеги аскерлер түзөт. Кургактыктагы аскерлери Түндүк жана Түштүк-батыштагы аймактык командачылыгы болуп экиге бөлүнөт. Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын карамагында Оштогу Биринчи мотоатышуу бригадасы, 24-бригадалык «Илбирс» спецназы жана өзүнчө батальондор бар. Түндүк аймактык башкармалыгына Токмоктогу 8-мотоатышуу дивизиясы, Кой-Таштагы экинчи мотоатышуу бригадасы жана Илбирске окшогон Токмоктогу 25-бригадалык «Скорпион» спецназы, ошондой эле өзүнчө батальондор кирет. Үчүнчү зениттик-артиллериялык бригада да кошулат.

Кыргыз армиясында 215ге жакын T-72 танктары, 30дан 42ге чейин БРДМ-2, 400гө жакын БПМ жана БМД (274кө жакын БПМ-1, 113БПМ-2), 300дөн ашык БТР (200 МТЛБ, 122ге жакын БТР-70, 15 БТР-80). Бул бронтехниканын жарымы улуттук гвардия (ИИМ ИК) жана мамлекеттик чек ара аскерлерине тийиштүү.

Артиллерия боюнча 30 САУ (12 2С9, 18 2С1), 141 буксирлөөчү курал-жарактарды, 304 миномет ( 250 БМ-37, 6 2С12, 48 М-120), 21 РСЗО БМ-21 камтыйт. 62 ПТРК (26 «Малютка», 12 «Конкурс», 24 «Фагот») и 18 ПТО МТ-12.

Чек ара жана ички аскерлерлерде 4 ЗРК «Стрела-10», 400гө чейин ПЗРК «Стрела-2/-3», 24 ЗСУ «Шилка», 24 зениттик курал-жарактар ЗУ-23-2 и С-60 бар.

Илбирс, Арстан, Бөрү, Пантера, Шер, Кыргый

Кыргызстандын өзгөчө ички саясатына жараша атайын дайындоочу күчтөргө абдан көңүл бурулат. Коргоо министирлигинин карамагында айтылып өтүлгөн «Илбирс» жана «Скорпиондон» тышкары Улуттук Гвардия, «Пантера» жана «ШЕР» спецназын кошсок болот.

Булардын милдети кылмыштуулук жана терроризмге каршы операцияларды жүргүзүү болуп саналат. Өзүнүн атайын бөлүктөрү мамлекеттик президентти коргоо кызматында да «Арстан» отряды бар.

Баңги заттарды жүгүртүүгө каршы «Кыргый» спецназы жана чек ара кызматы деп саналган «Бөрү» жана «Арстан» кирет. Бул отряддар өзбек жана тажик чек арасында турган чек арачыларды колдоп, наркотрафикке каршы иш-чараларды жүргүзүп турушат.

Кыргызстандын аба күчтөрү

Кыргызстандын аскердик аба күчтөрүндө негизинен транспорттук авиация бар. 100гө жакын МиГ-21 истребителдери бар болгону менен, азыркы кезде алардын баары керектен чыккан. Курал-жарак колдоно алчу учактар болуп эсептелинет. 4 окуу l-39 жеңил штурмовик катары колдонулат. Ошондой эле, 2 Ту-154 жана 2 Боинг-737 жүргүнчү ташуучу учак бар. Алар өлкөбүздүн башкаруучуларына таандык. Онго жакын Ми-24 тик учагы жана жана 9 аскердик вертолёт бар.

Өлкөбүздүн аймагында Орусияга караштуу Кантта жайгашкан 999чу авиабаза бар. Бул орто эсеп менен 10 аскердик тик учак жана 15 вертолет. Дүйнөдө боюнча Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 110-катарда тургандыгын Global Fire Power порталы жарыялап чыккан. Бизден кийин да жүздөгөн мамлекеттер бар, демек биз жоон ортосунда турат экенбиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости