www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү модель, “Азия сулуусу – 2016” сынагынын жеңүүчүсү, теле алып баруучу Айжамал Осмонова 31-августта кырсыкка кабылып ооруканага түштү. Моделдин ал-жайын сурап Айжамалга байланышканыбызда ал бир өлүмдөн аман калганын айтты.

- Салам, Айжамал, амансыңбы? Майрам күнү кырсыктап калыпсың, ден соолугуң жайындабы?

- Саламатсыздарбы, рахмат. Учурда ооруканадамын. Баш мээм чайкалып, омуртка сөөктөрүм жабыр тартканын дарыгерлер айтышты. Буюрса, ден соолугум калыбына келет деген ойдомун.

- Кырсык кандайча болду, кенен түшүндүрө кетсең?

- 31-август күнү саат 19:00дөр чамасында унаам менен Карл Маркс көчөсү менен “Космопаркты” көздөй бара жаткам. Көчөнүн сол капталы менен ылдамдыкты ашырбай өз жолум менен бараткам. Анан эле Медеров көчөсүнөн катуу ылдамдык менен чыккан милиция кызматкерлеринин унаасы келип менин унаамды сүздү. Мен унаам менен айланып барып жолдун башка жээгине жылып кетиптирмин. Ошол убакта эмне болуп кеткенин деле түшүнбөй шок болуп калдым. Көзүм тунарып, адамдардын бетин айырмалай албай, башым айланып ордумдан тура албай калдым. Бир убакта унаамды сүзгөн машинадан милиция кызматкерлери түшүп кечирим сурап: “Чоң кыз, кам санабаңыз, баары жакшы болот, сизде күнөө жок!” - дешти. Ал убакта бир сөз айта албай калган болчумун. Көп өтпөй менин досторум жардамга келип калышты. Алар милиция кызматкерлери эвакуатор чакырып жатышканын угуп калышыптыр. Бирок менин досторум, кырсыкка күбө болгондор алардын оюн ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. МАИчилер келип, окуя кандай болгонун сурап тактап, баарыбыздан түшүндүрмө алып, кырсык болгон жерди иликтеп кетишти. Бирок мени сүзгөндөр МАИге барганда мурунку айткан сөздөрүнөн танып, кайра күнөөнү мага оодарып жатышат. Милиция кызматкерлери саатына 120 километр ылдамдыкта келе жатышкан, жол чырактын кызылы күйүп турганына карабай өтүп кетүүгө аракет кылышкан. Мунун баарын жол четинде тартылган видеодон көрүүгө болот. Мен биздин өлкөдө адилеттүүлүк бар экенине үмүт артам.

- Бир кырсыктан аман калыпсың, айыгып кетсең болду эртерээк?

- Ооба, мен рулду башым менен сүзүп маңдайым жарылып калыптыр. Мени бир гана коопсуздук куру сактады. Ал болбосо унаамдан учуп кетип, учурда кайсы жерде жатмакмын, Кудай билет.

- Негизи эле канча жылдан бери унаа башкарып келесиң, көпчүлүк кырсыктар тажрыйбасыздыктан болот эмеспи?

- Беш жылдан бери унаа айдайм. Кырсыкка учураган “Тойота камри” үлгүсүндөгү унаамды жакында эле сатып алып, эки күн мурун өзүмдүн атыма каттаттым эле. Көп өтпөй минтип унаам жараксыз абалга келип калды.

- Унааң тарткан зыянды канчага баалап жатасың?

- Мен ал боюнча адис эмесмин, ошондуктан канчага зыян тартканымды өзүм толук билбейм. Бул нерсе менен атайын адистер алектениши керек го дейм. Негизи эле унаа кырсыгы менин жашоомдо экинчи жолу болуп жатат. Биринчи жолкусунда унаамды мас киши сүзүп алган болчу, экинчисинде минтип милиция кызматкерлери сүзүп жатышат.

- Кеп нугун эми жакшы нукка бурсак. Моделдик кесипке караганда акыркы убактарда теле алып баруучулук менен кызуу алектенип жүрдүң эле?

- Ооба, мен Казакстанда бир телеберүүнү алпарып иштеп жүргөм. Алматы шаарында туруктуу жашап калган элем. Бирок ал жактан топтогон тажрыйбамды ири долбоорлорду ишке ашырууга жумшайын деп жакында эле Бишкекке келген элем.

- Моделдик кесибиңди улантып жатасыңбы?

- Ооба, улантып жатам. Мындан сырткары кичинекей модель балдар арасында сынактарды уюштуруудамын. Сынакка катышуу үчүн бир нече эл аралык сынактардан чакыруу келип түшкөн. Учурда ошол сынактардын кайсынысына барсак деп тандап жаткам. Ошондой эле балдар журналын ачып иштетип жатам. Журналдын бет ачарын сентябрь айында уюштурмакмын. Ага жетпей эле минтип кырсыктап калып, пландарымдын баарын таш капты. Эми канча убакыт ооруканада дарыланып жатарым белгисиз.

- Жамандыкта чыныгы дос-курбуларды сынаса болот дешет, сен сынаганга үлгүрдүңбү?

- Ушул кырсыкта мен үчүн ким чыныгы дос, ким өз кызыкчылыгы үчүн гана калп дос болуп жүргөнүн билдим. Айрым дос-курбуларым чалып, дароо жаныма келип колдоо көрсөтүп, кубаттап жатышты. Ал эми атын атабай эле коёюн, айрымдары кырсыктын чоо-жайын билүү үчүн гана кызыгып телефон чалып жатышты.

-Берген маектериңде “сүйлөшкөн жигитим бар” деген элең, ал колдоо көрсөтүп жатабы?

- Ооба, сүйүктүүм бардык тараптан мени колдоп, коштоп жатат.

- Маегиңе чоң рахмат! Батыраак жакшы болуп кет.

Лунара Бекиева

Булак: "Леди кж"

Последние новости