www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия менен Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин имараттары тууралуу сөз болгон эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирди:

- Биз менен "Маариф" фондунун ишмердүүлүгү боюнча эле сөз болгон. Түркиянын элчисинин айткан сөзү боюнча расмий билдирүү даярдап атабыз.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөргөн учурда "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүү пландалып жатканын билдирген.

Фырат "Сапаттын" билим берүү мекемелери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын, андыктан келечекте ал имараттарды "Маарифке" өткөрүү максат кылынып жатканын айткан.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстанга расмий сапарынын жүрүшүндө “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

Маселе 1-сентябрда Эрдогандын Кыргызстандагы сапары маалында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков “Сапат” мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин айткан.

Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда “Маариф” фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал Кыргызстандын мыйзамы менен иштей турганын жарыялаган.

Былтыр Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн эле. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости