www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев эртең, 11-сентябрда жерге берилет. Бул тууралуу анын айылдаштары аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, маркум атасынын Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылындагы үйүнөн акыркы сапарга узатылат. Төрө Кожошев 2 жылдан бери Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын Алиханов көчөсүндө жашап жаткан.

Аталган көчөнүн башчысы Нуралы Зулпукааровдун айтымында, прокурордун орун басары өз үйүндө асынып алган.

«Мени милиция кызматкерлери "кошунаң асынып алыптыр" деп чакырышты. Милиция кызматкерлери менен бирге барып, анын мойнунда жиптин изи бар экенин өз көзүм менен көрдүм. Милиция кызматкерлери маркумду сүрөткө тарталы деди эле, туугандары макул болгон жок», - деди Н.Зулпукааров.

Ал эми маркумдун жакын досу Калил Ташиев өлүмгө жүрөк оорусу себеп болгонун айтты.

«Мен досум кайсыл жакка жетекчи болуп барса ар дайым куттуктап турчу элем. Каза болгонун укканда дароо келдим. Досум жүрөк оорусунан улам каза болуптур», - деди ал.

54 жаштагы Төрө Кожошевдин артында 5 уул, 1 кызы калды. Анын денеси бүгүн, 10-сентябрда эртең менен өзү жашаган үйүндө табылган.

Булак: "Турмуш"

Последние новости