www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмушка абдан эрте чыктым. Мектепти аяктап жатып өз каалоом менен ала качуу уюштуруп күйөөгө тийип кеткем. Ошентип качканыма жараша жыргаткан эрге тийсемчи. Күйөөм айылдын бекерпозу. Айылдагы балдардын башын кармап көйрөӊдөнө жүргөнүнө секелек башым азгырылыптыр. Менден төрт жаш улуу эле. Ойноп-күлүп жашообуз шаан-шөкөттүү башталды. Тилекке каршы кыздарым төрөлгөн соң анын апасы менен менин атам удаа өтүп кетишти. Кайненемди жоготуу кичүү келин болуп үйдүн очогун кармап калчу мен үчүн кыйын болду. Кычагансып буга чейин сүйүүсүн гана айтып келген күйөөм эми мени көп жекирип, жактырбай баштады. Анда-санда ичип, бирде апасын жоктоп ыйласа, бирде менин атасыз жетимдигимди эскертип басмырлап, бир жинди адат тапты.
***
Санаасы жок күндөрүбүз ыйга, уруш-талашка алмашты. Азыр ойлосом ошол кезде стресс, депрессия менен жашаптырмын. Дагы жаштыгымдын, курчтугумдун күчү менен өткөн экен ал оор күндөр. Куран окутуп келгендерди тейлеп, там-туӊ баскан балдарымдын түмөн түйшүгүн жалгыз көтөрүп, арада күйөөмдон токмок жейм. Ырас, көп ирет кайнежелериме арызданып, апама корголоп ыйладым. Бирок баары сүйлөшүп алгандай «чыда, баары өтүп кетет. Балдарыӊды ойло» деп сооротуп коюшчу. Алардын айтканына муюп оокатымды кылып калам. Бир күнү күйөөм түн оокумда дагы катуу мас болуп келди. Адатынча ар нерсени айтып асылып, сабап анан уктап калды. Эч айыпсыз мынча токмок жегениме ызаландым. Биринчи жолу оюма өлүп алуу келди. Чынында кыздарымды да ойлогон жокмун. «Апамбы, башкасыбы багып алышат. Энесинин кордук көргөнүн көрүп жашаганча ошолордун колунда тынч чоӊоюшат» деп ойлодум. Экөөнү жылуулап жаап, беттеринен өптүм да сыртка чыктым. Жайдын салкын таӊы агарып келатыптыр. Алгач короого барып асынып алууну ойлодум. Кайра ичимдеги өчөштүк менен «өлүгүмдү да таптырбай өлөм» деп айыл четиндеги чоӊ сууга чуркадым.
***
Жан таттуу деген чын экен. Сууга жанталашып чуркап келгеним менен күрпүлдөп аккан агымынан үрөйүм учуп туруп калдым. Бирок артка да кайткан жокмун. Боюмду таштоого ыӊгайлуу жер издеп өйдө-ылдый чуркап ыйлап жаттым. Аӊгыча «Айжан, токто» деп кыйкырды алыстан ат чаап келаткан караан.
- Артка бас. Эмне болду сага? Суу тартып кетет!
- Ал жан-алы калбай чебеленди.
- Мага жолобогула!
- Өзүмдүн ачуу үнүм өзүмдү чочутту. Чын эле суу тарттыбы, бутум тайып кулап кеттим. Бирок ажалым жок экен, эки-үч ала салып барып бадалдарга кептелип калдым. Атчан жетип келип, сууруп чыкты. Дендароо абалда анын күйөөмдүн классташы, досу Бакыт экенин бир топто барып араӊ тааныдым.
- Аз жерден калдыӊ. Кудай сактабадыбы, дагы. Эмне болду ия, тынччылыкпы?
- Ал бир колуна атын жетелеп, бир колу менен мени сүйөй басып сурап баратты.
- Өлөйүн дегем... - Кемшеӊдей ыйлап чынымды айттым.
- Эмнеге?
- ???
- Эмне, мас күйөөӊө өчөшүппү? Жинди болдуӊбу? Балдарыӊды ойлобойсуӊбу? Унчукпадым. Жарылып-жарылып ыйлап алгым келген менен тартындым. Жол боюна чейин узатып келди да: - Кой эми, үйүӊө бар. Мен мал издеп чыккам, артка кайтайын. Эриӊе өчөшүп жиндилик кылба эми. Аракка алдырып атпайбы. Оӊолор, биз деле айтып атабыз.
***
Кийин бир туугандарынын катуу киришүүсү менен күйөөм аракты таштады. Бирок мамилебиз жакшырбаган бойдон калды. Көрсөткөн запкысынан көӊүлүм калып, сезимим муздаптыр. Ал болсо түшүнүксүз кайдыгерликке өтүп кетти. Экөөбүз чындап балдар үчүн гана жашап калдык. Мен үчүн ичти-тышты бирдей колго алып, тарсылдап оокат кылуу кадыресе көрүнүш эле. Мактанганым эмес, бирок чындыгында оокат кылганыма коӊшу-колоӊ суктанып, ыраазы болушчу. Келиндер: «Качан болбосун үйүӊ жыйналуу, дасторконуӊ жайылуу. Кыздарыӊды эле эмес, өзүӊдү да сулуулап жетишесиӊ»,- дешсе, кайнежелерим: «Апабыздын үйүн үй, оокатын оокаттай жакшы кармап жатасыӊ»,- деп алкап турушчу. Дайыма мен тарапта болуп, майда-чүйдө болсо да белектерди тартуулап турушканы да күйөөмдүн жеме, жектөөлөрүн тоготпой жашоомо себеп болду окшойт. Айтор, айылдын карапайым бир бүлөсү жашай берди. Эки кызым чоӊоё беришти.
***
Балким жашоом ошол айылда өтүп, сөөгүм ошол үйдөн чыкмак. Тилекке каршы кыздарым бой тартып, бардык нерсеге түшүнүп калышкан кезде күйөөмдүн кылыгына чыдабай калдым. Ал ачыктан-ачык эле бир жесир келиндин үстүнө кирип алды. Алгач имиштерди укканда ишенбей, көз жумгам. Кийин шекшип өзүнөн сурап так жооп ала алган эмесмин. Көп узабай баары ачыкка чыгып, тиги келиндин кош бойлуу экени билинди. Айылыбыз күйөөмдүн бетине түкүрүп, тууган-уруктун баары киришип токтото албай коюшту. Катуу сүйүшүп калышкан имиш. Өзүмдү жерде тепселип калгандай эле сездим. Ырасында эле ушундай болду. Сүйүшүп, эзилишип кетпесе да аял үчүн жолдошунун мындай кылыгы абдан катуу тиет экен. Бети ачылган соӊ күйөөм кааласа аныкында жүрүп, керек кезде үйдө болуп билгенин кылчу болду. Ушунун баарын көтөрүп жашоого чыдабай калганда кетүүнү чечтим. Менин кетем дегениме деле түйшөлүп койгон жок. Акыры карыган кайнатамдын ыйына, кайын журтумдун суранычына карабай баса бердим.
***
Шаар жашоосуна көнүү оӊой болгон жок. Кыздарым атасын сагынышабы дедим эле, бирок экөө бирдей атасын кеп да кылып коюшпады. Бала да болсо көӊүлдөрү калыптыр. Атасы деле байланышып койгон жок. Бир жылдай убакытта жашообуз бир нукка түшүп, өзүмө келип калдым. Ошол кезде жаны жаӊылык башталды. Иштен чыгып келатсам баягы Бакыт туруптур. Учурашып, ал-жай сурашкан соӊ кетмекчи болдум.
Ал бир аз ыӊгайсыздана түшүп:
- Мен сага келгем. Бир жерге отуруп сүйлөшөлү, - деди.
Оюма алда-нелер келип:
- Атам жакшыбы? – дедим кайнатам бир нерсе болгон го деген ой менен.
Ал менин башка суроо беришимди каалабагандай:
- Ал тарапта баары жакшы. Мен өз маселем менен сага келдим, – деди.
Чай үстүндө маектешип отурдук. Он беш жылдай бир айылда жашап, бир чөйрөнүн жакшылык, жамандыгында жүргөнбүз. Кебибиз түгөнбөй жатып кетчү убактыбыз да болуп калды.
Бакыт ошондо гана келген жөнүнө токтолду.
- Айжан, ойлонуп отуруп алдыӊа эле келүүнү чечтим. Кептин ток этерин айтсам колуӊду сурап келдим. Мен сага тээ илгертен эле ашыкмын. Сенин өмүрүӊө арачы болгон окуядан бери жашооӊо тынчсызданып, бактысыз күндөрүӊдү көрүп күйүп келдим. Ушул жашка чейин үй-бүлө күтпөй жүрүшүмө сен себепкерсиӊ. Сендей аялды кезиктирер бекем деп ойлочумун. Анан тагдыр буюруп башыӊ ачылды. Сен айылдан көчүп кеткен күнү эле мен сени менен баш кошом деп максат кылгам. Мындай сунуш үч уктасам түшүмө кирбейт эле. Оозума кеп келбей калды. - Азыр жооп бер дебейм. Бирок сунган колумду суутпа, Айжан. Карыган энемдин жалгыз күткөнү менин тоюм. Бул жакка чыгарда ага болгон сырымды айттым. Илгерки киши эмеспи, ал сага каршы болмок тургай сүйүндү.Бизге батасын берет.
***
Ооба, Бакыт үйлөнө элек болчу. Достордун отуруштарында ар качан анын бойдокчулугу козголуп, теӊтуштары тамашага салышчу. Бакыт унчукпай кутулчу. Ичпеген, чекпеген, оокатты тыӊ кылган анын эмне үчүн ушуга чейин үйлөнбөй жүргөнүн келиндер да кеп кылып калчубуз. Ал эми мага ашыктыгы тууралуу билмек тургай шек алган да эмесмин. Жолуккан жерде абал сурашып, бирок сүйлөшчү эмеспиз. Мен андан баягы сууга чуркаган кылыгым үчүн уялып жүрсөм, анын анчейин сүйлөй бербегенин болгон кулк-мүнөзү деп ойлочумун.
Он сегиздеги кыз болбогон соӊ сунушуна элеп-желеп болуп кеткен жокмун. Бирок акыркы эки жыл бою кылган мамилеси келип-келип мени кеӊеш суроого аргасыз кылды.
Биринчи жолугушуубуздан кийин чалып баштады. Эки ай өтпөй дагы келип жолугуп, кыздарыма да камкордук кылып кетти. Жарым жылдан соӊ «апам салып жиберди» деп айылдан эт, май, сүткө чейин салчу болду. Мамилеси олуттуу тартып баратканында байланышты таптакыр үзүүнү талап кылдым. Бирок ал токтомок турсун күчөнүп туруп алды. «Баарын ойлонуп кылып атам. Кыздарыӊды кызым кылып алам. Мага башка аялдын кереги жок. Эгер сени албасам башка эч кимди албайм. Менин кыркка чыкканча күткөн өмүрүм сени менен өтүш керек. Бактылуу кылам, макул эле деп кой, токтоосуз барып айылга алып кетем» дейт. Бакыт тууралуу кыздарым да билишет. Улуу кызым макул, кичүү кызым бул темада таптакыр үн катпайт. Мен деле өзүмдү өмүр бою жалгыз жашамак белем дейм. Бул ойго жетеленгенде Бакытты өзүмө каарман кылып да алчу болдум.
Бирок бир жакпаган жери кайра баягы айылга барып жашоо керек. Ал карыган энесин таштай албайт. Макул болуп барсам эл-журттун кебине каларым бышык. Баарынан да кыздарымдын атасы менен кез келишпей койбойм…
Эски кайын журтумдун бетин кантип карайм?..
Булак: "Леди"