www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.
Саламатсыздарбы? Мен бул нерсени жыргаганымдан же бекерчиликтен жазып жатканым жок. Жөн гана ичимдеги эч кимге айта албаган арманымды айтып жарылгым келди. Ичимде сактап жүрө берсем, өзүмдү кылмышкердей сезип, жек көрүүм күчөп, бир күнү өмүрүмө кастык жасаймынбы деп да коркуп кетем.
Анда эмесе кеп башынан болсун. Мен ал кезде сайрандап жүргөн учурум. Экинчи курстун студенти элем. Үйдүн эркеси болгондуктан, айтканым дайыма аткарылганына көнгөм. Каалаганча акча коротуп, каалаган жакка барып...
Бул жолу да досторум менен көңүл ачып, кыдырып келели деп, жайкы каникулга туштап Турцияга жөнөдүк. Бир нерсе сезгенби, айтор апам барбай эле койчу деп такыр макул болбой туруп алды. Атамды да ошого көндүрдү. Ансыз да окуу аяктап, жашоом коёндой окшош күндөр менен коштолуп, стресс болуп жүргөн кезде апамдын бул кылганы мен үчүн оор тийди. Досторум менен барбай калып, ичим ыза болуп турган кезде, көптөн бери артымдан чуркап, ширин сөздөрүн айтып жүргөн бир байке Антальяга эс алганы жөнөдүм, жүрү сен да, ушинтип кала бересиңби деп калды. Үйдөгүлөргө акчаңарды аяп жатсаңар кам санабагыла өзүм табам дедимда, апамды кой дегенине карабай, чет жакка эс алууга сапар тарттым.
Башында эс алуу көңүлдөгүдөй эле өтүп жаткан. Бешинчи күнү болгондо байкенин туулган күнү деген шылтоо менен ичимдик ичип, катуу майрамдадык. Мурда минтип мас болуп, өзүмдү билбей калганга чейин барчу эмесмин. Айтор, эртеси күнү байкенин бөлмөсүндө көзүмдү ачтым. Жылаңач болуп жатыптырмын. Ошондо намысымды алдырганымды түшүндүм. Катуу айтып, чуу көтөрөйүн десем өзүң келдиң деп турат. Унчукпай турдум да, жыйналып, Бишкекке кайтып келдим. Бул окуя тууралуу эч кимге айта албадым. Айтканда эмне, анын жетегинде барган өзүмдө күнөө. Эркек деген эркектигин кылды да. Мен жинди же эч нерсе эстей албасам. Бул нерсе менин ичимдеги сыр бойдон калды. Тиги байкеден ошону менен кабар жок.
Андан бери 3 жыл өттү. Быйыл баары эле турмушка чык деп жатышат. Жогорудагы окуядан кийин, эркектерге жакындагым келбей эле, качып жүрөм. Ата-энем да турмушка чык деп акыркы убактарда катуу айтып баштады. Жакында өзүмдү кыйнап жатып, атам айткан бир жигит менен сүйлөшүүгө бардым. Келишимдүү, орундуу сүйлөгөн жигит экен. Бирок, кыздык темасына аябай катуу карай тургандай сезилди. Ачыгын айтсам түшүнбөй тургандай. Кээде туруп тиктирип, кыздыгымды калыбына келтирип, тийип кетсемби деген да ойлор келип баштады. Аай, эмне кылышты да билбейм. Ата-энем аны билсе, жүрөгү токтоп калабы деп корком. Убагында кылган каталыгымды кантип оңдосом болот?
Булак: NazarNews.kg