www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган аталган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковдун жакындары анын кылмыш кылганына ишенишпейт. Бул тууралуу Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Калыковду прокурор "аңчылык уюштуруп бер" деп алып кеткен.
- Эс алууга прокуратуранын жети кызматкери туруп, жетекчисинин ушундай мас абалында уулубуздун автоунаасына салып беришкени жоопкерсиздик. Мыйзам сактап, мас айдоочуга салып бербей, кер-мур айтышканда эле кармашы керек болчу же коштоп алып келиши керек эле, - деп билдирди Абдрашитова.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда облустагы Төрт-Күл суу сактагычынын жээгинде табылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды.
Мамажакыповдун өлүмү боюнча аны менен кошо мергенчиликке чыккан прокуратуранын алты кызматкери сурак берип жатканы белгилүү болду.
Булак: "azattyk"