www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр 6-октябрь күнү күлсө күлкүсү күндөй жылуулук берген, жанда жок шайыр ырчы Гүлбү Ороскул кызы 40 жашында дүйнө салган. Убакыт зымыраган куш экен, Гүлбү Ороскул кызы жок кыргыз маданияты бир жыл жашап койду. Шайыр жеңе тууралуу бүгүн кызы Айзуура Иманалиева эскерип отурду.
- Айзуура, билинбей эле Гүлбү эже биздин арабыздан кеткенине бир жыл болуп калыптыр, апаңсыз өткөн бир жыл сен үчүн кандай өттү?
- Менин абалымды жакынын жоготкон адам гана түшүнсө керек. Сыртыңдан канчалык күлбө, ичиңде бир боштук дайыма толбой турат. Ичимдеги апама болгон кусалыкты, мээримди сөз менен жеткирип түшүндүрүп бере албайм, ал сезим ушунчалык азаптуу. Бирок жашоо токтоп калбайт экен, көр тирилик өтө берет тура. Эмнегедир жашообуз апам бардагыдай шаңдуу, түстүү эмес. Мага апам алыс жакка кетип, бир күнү үйгө “жарк” этип кирип келчүдөй эле сезиле берет. Күн ара түшүмдө көрөм, түшүмдө апам менен жытташып, кобурашып, сагынычымды таратып алгандай болом. Кээде ошол түш бүтпөсө экен деп ойгонгум келбейт, ойгонсом да өңүм болуп калса экен деп тиленем. Байкуш апам “эки жөжөм апасынын жоктугун сезбесин” деп бизди алдаганы окшойт. Кыскасы, апамсыз өткөн бир жыл мен үчүн миң жылга тете болду.
- Бир жылдын ичинде апаңды эскерүү боюнча кандай иштер жасалды?
- Апам жаш болсо да элдин жүрөгүнөн түнөк таап, жалпы журттун кызы болууга жетишиптир. Каякка барбайын жолдон токтотуп: “Сен Гүлбүнүн кызысыңбы?”-деп сурап көңүл айтып, ичтери ачышып жатканын айтышат. Апам тууралуу жылуу сөз уксам кадимкидей сүйүнөм, сыймыктанам. Апамдын өзү өлсө да аты өчпөй талантын сыйлаган адамдар бар экенине кубанам. Аксы районундагы өзү төрөлүп-өскөн Авлетим айылынын башкы көчөсүнө апамдын ысымы ыйгарылды. Мындан сырткары, дарылык касиети бар, элди табигый таза суу менен камсыз кылган булакка “Гүлбү- Кызбулак” деген ат ыйгарышты. Буюрса, жасала турчу иштер көп. Бирок баарын бир жыл ичинде бүтүрүү мүмкүн эмес экен. Апамдын атын өчүрбөй анын ишин эми биз улантабыз.
- Кыз киши үчүн эне бул өзүнчө аалам. Апаңдын ордун жоктотпой сырдашкан, жан дүйнөңдөгү сыр менен бөлүшө турчу адамдар кимдер?
- Апам менин өмүр бою сырдашчу адамым жана ошол бойдон калат. Ал мени жарым сөздөн түшүнүп, айтылбаган сөздөрүмдү көзүмдөн окуп турар эле. Азыр деле бөлмөсүнө коюп койгон сүрөтү менен сүйлөшө берем. Ошентсем кадимкидей жеңилдей түшөм. Кудайга шүгүр, учурда жанымда мени түшүнгөн өмүрлүк жарым, бир тууган сиңдим бар, алардын колдоосунан да кур эмесмин.
- Сиңдиңдин апаңа өзгөчө жакын экенин айттыңар эле. Ал кантип атат? Чогуу турасыңарбы?
- Ооба, сиңдим Сезим апама өзгөчө жакын болчу. Айла жок экен, Кудайдын буйругун өзгөртө албайт экенбиз. Энесин жоготкон бул жашоодо биз эле эмеспиз деп өзүбүздү сооротуп отурабыз. Учурда сиңдим менен чогуу жашайбыз. Окуусунда окуп жатат, келе жаткан жылы бүтөт буюрса. Сиңдиме мурун жөн гана эже болсом, азыр эжеси да, апасы да мен болуп жоопкерчилик эки эсе өстү.
- Гүлбү эже силерге кандай тарбия берди?
- Апамдын чынында баскан жерине гүл өсчү, кирген жерин күлкүгө ороп чыкчу. Ата-энем биз кичинекей кезибизде эле ажырашып кетип сиңдим экөөбүзгө атанын да, апанын да тарбиясын берди. Апамдын сөзүн укпай, каяша кайтарган күндөрүм болгон эмес. Апамдын бала тарбиялоодогу мыкты тактикасы: бизге жөн гана апа эмес, сырдаш курбу болду, кылган иши аркылуу бизге үлгү болду. “Жөн жатпа, туруп өзүң үчүн пайдалуу иш кыл” деп көп айтар эле. Китепти көп окучу, маанилүү жерлерин чийип келип “бош отургуча муну окуп ал” деп турар эле. Биз менен сырдашканда такыр эч кимди ушактаттырчу эмес, “ал адам өзү укпаса да үстүбүздө Кудай угуп турат, күнөөгө батпагыла” дээр эле.
- Гүлбү эже кудалары менен кандай мамиледе эле?
- Мирзаттын ата-энеси менен жаңы таанышканда эле апам: “Мирзат менин балам, Айзуура силердин кыз. Кызыңарды каалагандай тарбиялап алгыла”,-деп айтканын кайнене-кайнатамдар азыркыга чейин жашып эскеришет. Кайнатамдардын үйүнө киргенде эле апамдын чоң сүрөтү жана куран жазылган барак илинип турат. Кайнатам: “Кудагыйыма көрсөтө турчу сыйым, айта турчу сөзүм көп эле, жетишпей калдым, аттиң!”-деп көп өкүнөт. Алардын апам тууралуу эскергенин уксам ыйлайм, анан кайра аз убакыт болсо да апамдын сүйүктүү кудагый болгонго жетишкенине сүйүнөм. Күйөө баласынын сыйын көрдү, небересинин жытын жыттады. Уулубуз Мырза төрөлгөндө аны бооруна кысып, жыттагылап бир башкача жакшы көрдү, шашып жатып балабызга 20 күн болгондо кыркын чыгарды. Тилекке каршы Мырзага бир ай болгондо апам көз жумду, небересинин жытына тойбой кетти. Жараткан жамандык берсе шыпаасын кошо берет деген чын окшойт, бизди чоң кайгынын азабынан баламдын күлкүсү, кылык-жоругу сактап калды.
- Балаң бир жаштан ашып калса, кандай кылык-жоруктары менен элжиретип жатат?
- Уулума 2-3 айынан баштап эле ырдап берчүмүн, балам кайра мени кайталап үн салып, туурагандай түр көрсөтчү. “Ырчы болот го бул” деп күлүп калар элек. Азыр деле комуздун үнүн укса турган жеринде катып калат. Мен төрөгөндө апам жанымда болгон, Мырза төрөлөрү менен көзүн ачып эле биринчи таенесин көргөн. Ошондон уламбы, таенесинин сүрөтүн көрсөтүп, алып берсек өпкүлөйт. Ыйласа да таенесинин сүрөтүн көрсөтүп алаксытабыз.
- Гүлбү эже каза болгондон кийин атаң ооруп жүрдү эле, азыр жакшыбы? Апаңдын өлүмү силерди атаң менен мурункудан да жакындаштырса керек?
- Ооба, атамдын ден соолугу азыр жакшы. Аны менен мамилебиз мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Бизди апам эч качан атабызга каршы үгүттөгөн эмес. Тескерисинче, кандай болгон күндө да аны сыйлоого, жакшы көрүүгө үйрөткөн.
- Сезим экөөңөрдүн кимиңер ата-энеңердин жолун жолдоп ырга шыктуусуңар?
- Сезим юристтикте окуйт. Жакшы ырдаганы менен чыгармачыл чөйрөгө такыр кызыкпайт. Мен радио, теле, кино боюнча адистикте окуп жатам. Ырчы болбосом да коом менен тыгыз байланышта болгон кесипти аркалайм. Балким ырчы болчу адам апамдын неберелеринен чыгып калар, убакыт көрсөтөт.
- Гүлбү эже өмүрүнүн акыркы жылдары чыгармачылыкта абдан активдүү иштеп жатты эле...
- Ооба, апам жаны тынбаган, кумурскадай эмгектенгенди жакшы көргөн адам эле. Өмүрүнүн акыркы жылы апамдын төрт ырына чогуу клип тарттык. “Ортомчу бизге Ысык-Көл” деген клибинин сценарийин Мирзат экөөбүз жазып, клипке да өзүбүз тартылдык. Апамдын көлдө селкинчек тээп ырдап отурган жери бар эмеспи, аны бир фильмден көрүп калганбыз. Атайын краны бар унаа жалдап, аркан менен селкинчек жасап, аны гүлдөр менен ороп чыкканбыз. Көргөндө жөнөкөй көрүнгөнү менен жасап, тарта келгенде түйшүгү кыйын эле болгон.Апам өз кесибин сүйгөн, аябай аракетчил эле. Кийген кийимдеринин дизайнын, шуру-мончокторунан бери жалкоолонбой өзү тикчү. Бир нерсени чын дили, ыкласы менен жасап адамга энергия берип, жан дүйнөсүн азыктандырып турчу. Учурда боз топуракка оронуп жатпаса көп иштерди жасамак. Апам өлүмгө кыйбас адам эле...
Лунара Бекиева
Булак: "Леди кж"