www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылыч Султандын «Мен президент Жээнбековду тааныбайм, аны кулатуу үчүн аракетимди аябайм, кулатмайынча кайтпайм» деген билдирүүсү абакта отурган Өмүрбек Текебаевдин уруксаты менен уюштурулуп, “Ата-Мекен” партиясынын экс-президент Атамбаевге карай позициясы өзгөрүп, азыркы бийликтен алыстаганын билдирет деген версия тарады.

Көрсө, Кылыч Султандын билдирүүсү алдын ала макулдашылып, анын бийликке каршы айта турган сөздөрү «Апрель» телеканалынан жайылтылганы дагы атайын уюштурулган тура. Кылыч Султандын мындан кийин дагы айта турган сөздөрү, өздөрү унчуга албаган текебаевчилердин атынан айтылат экен.

Көшөгөнүн артында олтуруп алып күрөш жүргүзүүнү тандап алгандар, Кылыч Султандын оозу менен чабуул коюп жатышыптыр да. Саясий күрөштө ачык күрөшпөгөндөр погода жарата албайт эле. Бул ыкманы тандагандар көшөгөнүн артында олтуруп өздөрү былгыткан жытка чыдабай жыгылышпаса болду.

Булак:"Жаңы Ордо"

Последние новости