www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын 25-июнунда Марокконун Танжер шаарында өткөн Дүйнөлүк «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» уюмунун кезектеги конгрессинде уюмдун вице-президенти болуп бир добуштан шайланды.
Маалыматка ылайык, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүнөн 240 миңден көп шаарды жана муниципалитеттерди бириктирген ири эл аралык уюм болуп саналат.
Уюмдун вице-президенттери анын жетекчи органдарынын курамына кирип, шаарларды туруктуу өнүктүрүү, санариптештирүү, экология жана муниципалдык башкаруу багыттарындагы стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга катышат.
Бул шайлоо Бишкек шаарынын эл аралык аброюнун өсүп жатканын тастыктап, дүйнөлүк шаарлар менен кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы эл аралык долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.