www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумаркана ишмердүүлүгү жакшылап көзөмөлдөнө турган болсо, бул кызмат аркылуу мамлекеттик бюджетти толтурууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди бүгүн, 23-июнда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Айбек Теңизбаев.

- Айбек-мырза, өкмөт казинолор ачылса бюджет толот деген жүйөнү келтирип жатат. Айрымдар казинонун ишке киришине караманча каршы. Бул маселе мыйзам менен эле чечилиш керекпи же элдин талкуусуна коюлушу керекпи?

- Негизи, бул маселеге окшош ар бир инициатива өтө кылдаттык менен даярдалып, жакшылап талкууланыш керек эле. Бул милдеттер аткарылбаса ар дайым суроолорду, талаш-тартыштарды жаратып келет. Убагында кумаркана ишине бөгөт коюп жатканда дагы ойлонбостон, тышкы күчтөрдүн таасиринен улам шашылыш түрдө жабылып калган.

Ошол эле учурда ушул депутаттарды калк өзү шайлады. Эми элдин өкүлдөрү чечимдерди кабыл алып жатышат.

Убагында казинону жаап жатканда коншу Казакстандын лоббиси аркылуу бул иш алдыга жылгандыгы айтылып келет. Азыркы учурда кайра бул ишке жол ачкандыгы өзүбүз жакшылап ойлонуп, бул кадамга барып жаткандыгыбыздын белгиси.

Кумаркана ишмердүүлүгү жакшылап көзөмөлдөнө турган болсо, бул кызмат көрсөтүү багыты аркылуу мамлекеттик бюджетти толтурууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир нече шаарлар, бир нече мамлекеттер бар, ушул багыт аркылуу жакшы жыйынтыкка жеткен.

Чет өлкөлүк жарандардан кумарканага жакшы талап бар, эми биз аларга сунуш берсек жакшы болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ, 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости