www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Тоо-Кызыл-Суу айылына чакан ГЭС курулат

Жалал-Абаддын Тоо-Кызыл-Суу айылына чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Энерджи” компанияснын өкүлдөрүн кабыл алып, шаарга караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы Ничке-Сайга курула турган чакан ГЭСтин долбоору менен таанышты.

Чакан ГЭСти куруу үчүн аталган компанияга жергиликтүү бийлик тарабынан 1,5 гектар жер аянты 49 жылга ижарага берилди.

Келишимге ылайык, аталган компания чакан ГЭСти 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүшү керек. Курулуш аягына чыккандан тартып компания жергиликтүү бюджетке ай сайын 11 миң 200 сомдон ижара акы жана жыл сайын социалдык пакет катары 800 миң сом акча каражатын төлөйт.

Мындан сырткары, жергиликтүү жашоочулардын ГЭСте иштөөсүн камсыз кылат. Ничке-Сайга курулуучу чакан ГЭСтен жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Ал жерде 10дой адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, “Энерджи” компаниясы Кыргызстанда 17 чакан ГЭС курууга ниеттенүүдө. Алардын 4ү Жалал-Абад облусунун аймагына курулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости