www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Айыл банктын» төрагасынын экс-орун басары Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганына ишенет. Бул тууралуу ал журналисттерге УКМКнын СИЗОсуна барганда билдирди.

Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, эки жуманын ичинде корутундусу даяр болот.

Байсалов өзү жетектеген комиссиянын алдында тергөө абагында жайгашкан байкоочу камералардагы видеону карап чыкканын айтты.

"Бүгүн биз төртүнчү жолу комиссиянын отурумуна чогулабыз. Учурда Аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө жүрүп жатат, кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Президент тарабынан түзүлгөн биздин комиссия көбүрөөк социалдык-моралдык мүнөздө. Асанбаевдин эки бир тууганы, анын жесири, саясат таануучу Марат Казакпаевдын жесири дагы ушул жерде.

Кечээ биз видео жазуу менен таанышкандыктан бир топ оор жолугушуу болду. Түз факты жок, бирок кыйыр маалыматтар боюнча бардыгы, 99,9999% дал келүүдө. Ал камерада жалгыз болгон. Видеобайкоодогу көлөкөдөн, силуэттерден адам кантип өз жанын кыйганын дээрлик көрүүгө болот. Буга үй-бүлө мүчөлөрү да ишеништи.

Эч кандай адам өлтүрүү болгон эмес. Медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди Байсалов Асанбаевдин өлүмүнө комментарий берип жатып.

Казакпаевдин өлүмү боюнча анын ооруп калганын үй-бүлөсү тастыктап, көп дары ичкенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости