www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экспорттолгон алтындан түшкөн акчалар бюджетке түшүрүлгөн эмес. Алардын кандай жумшалганын же Кыргызстанга келген-келбегени белгисиз. Мындай пикирин журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Кыргызалтындын» жетекчилиги кемеден түшө качты...
Кумтөрдүн алтынын сатууга укуктуу «Кыргызалтындын» жетекчилиги күтүүсүз жерден толугу менен кызматынан кетип калды Кечээ күнү эле алар 12 тонна алтынды 700 млн. долларга сатышканын билдиришкен эле.
Эмне болуп кетти?
Жарасул Абдураимов быйыл апрель айында эле «Кыргызалтындын» башчылыгына келген экен. Алты ай иштебей кетип жатат. Кумтөр алтыны эмне деген будуң-чаң салып жатат?
«Кыргызалтындын» жетекчилигинин алдында Кумтөрдүн кожоюну болуп турган Бөлтүрүк да кызматынан бошотулган. Ал да жыл башында Акылбек Жапаровго отчет берип жатып, 2021-жылы Кумтөрдө 14.5 тонна алтын өндүрүлүп, 856 млн. долларга сатылганын билдирген. Анда Акылбек Жапаров Бөлтүрүктүн ишин мактап, ыраазы болгон эле...
Айтмакчы, ызы-чуулуу алтын экспортуна тиешеси бар Улуттук банктын жетекчилигинде да өзгөрүү болуптур. Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Нурбек Жеңиш кызматынан кетти. Улуттук банк да жакында эле өткөн жылы 19 тонна алтынды 1.1 млрд. долларга экспорттогонун билдирген.
Бирок, бул экспорттолгон алтындан түшкөн акчалар бюджетке түшүрүлгөн эмес. Алардын кандай жумшалганын же Кыргызстанга келген-келбегени белгисиз. Билсе эки-үч адам гана билеттей...
Эл шайлаган, мына ушундай орчундуу иштерге көзөмөл сала турган Жогорку Кеңеш да ай караган текедей маалыматсыз...», - деп жазган Акматов.
Булак: NazarNews.kg