www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. 2026-жылдын 31-мартында мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор:
– 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрына чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти бербестен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтомунда белгиленген тартипте алмаштырууну жүзөгө ашырсын;
– жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетресурстарда убактылуу улуттук өнөктүктүн аяктоо мөөнөттөрү жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
– айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси өзүнүн компетенциясынын чегинде айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 22-январындагы № 6 «Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 2026-жылдын 31-мартына (кошкондо) чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга арыз берген адамдар айдоочулук күбөлүктөрдү тариздөө жана берүү жол-жоболору иш жүзүндө аяктаган датага карабастан өнөктүктү өткөрүү мезгилинде колдонулган шарттарда тейленүүгө жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга тийиш деп белгиленсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.