www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айпери Медет кызы Венгриядагы рейтингдик турнирде коло медаль утту.
2025-жылдын төртүнчү жана акыркы рейтингдик турнири 17-20-июлда Будапештте өттү.
Медет кызы 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Кыргызстандык спортчу 1/4 финалдык баскычтан баштап, февраль айында Албаниядагы рейтингдик турнирдин финалында утулуп калган америкалык Даймонд Гилфорд менен беттешти.
Бул жолу дагы Гилфорд беттештин аягына 30 секунд калганда 4:2 эсебинде алдыда бара жаткан. Бирок, Медет кызы адегенде эки упай алып, андан соң атаандашын далысынан басты.
Жарым финалда Медет кызы бразилиялык спортчуга 5:10 эсебинде утулуп калды, бирок 3-орун үчүн болгон беттеште кореялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медалга ээ болду.