www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүнкү маалымат жыйында айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жаткан тууралуу маалымат бар экендигин айтты. Бирок алардын ысымдарын атаган жок

“Ички иштер министрлигинде айрым жеке ишкерлер жана кээ бир саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, ишкердик менен чогуу алектенет деген маалыматтар бар. Биз бул багытта да иш жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан, ушул багытта ИИМ тарабынан текшерүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, каржылык жактан колдоо көрсөткөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы эскертертемин”, - деди министрдин орун басары Нурбек Абдиев.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости