www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кеп канча жыл отурганда эмес, кеп кантип иштегендигинде», - деди бүгүн, 14-июлда NazarNews маалымат агенттигине экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев.
- Айылчы агай, конкурстун негизинде тандалган директорлор жакшы иштейт деп ишеним артсак болобу?
- Мен деле 48 жылдан бери финансыдан сабак берем. Балким мен деле бузулуп калсам керек. Кандай дейсиңер. Кеп канча жыл отурганда эмес, кеп кантип иштегендигинде.
Кызга бергис жубан бар, элден мурун тай чыгат, андан кийин сары таман ат чыгат дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Ошол миңге жакын директорлор конкурсу ким канча берет конкурсуна айланбашына ишенесиңерби? Ошолорду жалгыз бекиткен адамдын компетенттүүлүгүнө ишенесиңерби?
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg