www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттигинин жер тыңшар Мамыты жер чалат:
Мурунку СДПК партиясынын мүчөсү Таалайбек Сарыбашовдун мэрлик учурунда Ак–Буура дарыясын коздоо демилгеси көтөрүлөт. Ал быйыл августта он күн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп турган.
Ак-Бууранын жээгин кооздоп тосмолоо боюнча өткөрүлгөн тендерде «Капитал Курулуш» ЖЧКсы Таалайбек Сарыбашов Ошко мэр болуп турганда өткөрүлгөн. Бул долбоорду бүтүрүү иштери эки жылга чектелип 251 млн 893 миң сом каралган.
Ак-Бууранын жээктеринде 5 миң 400 метр узундукка кеткен бул тосмолор туура кеткенби? 2021-жылдын февралында Ош мэриясы тарабынан бул курулуштарга текшерүү жүргүзүлгөн. Бул долбоор 2020-жылы башталган.
Биринчи этапта Бахапов көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин 2 жарым километр дарыянын эки жак жээгине тең тосмолор курулмак. Бул жерде кээ бир обьекттер туура эмес мыйзамсыз салынгандар алынмак.
Алардын ордуна шаарлыктар эс алуу үчүн тиешелүү курулуштар курулмак. Экинчи этап Нурматов көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейин курулат. Бул жерлерге бала бакчалары, велосипед коючу жай, көпүрөлөр, велосипед жана жөө жүрө турган жолдор, түнкү жарыктандыруу, отура турган орундар, таштандылар үчүн урналар коюлмак.
Ак-Бууранын жээгин кооздоо боюнча иш-чаралар учурунда мыйзамсыз иштерге жол берилген. Кылмыш-Жаза Кодексинин 320 беренеси боюнча иш козголду.
Булак: NazarNews.kg