www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын СИЗОсунан түз эле Жогорку Кеңешке отурчу эки, үч инсандын аты аталып жатат. Мындай пикирди бүгүн, 10-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Бөдөш Мамырова билдирди.

- Шайлоо болгондон кийин өлкөдө опурталдуу чыр-чатак чыгышы мүмкүн деген сөздөр айтылып жатат. Сиз буга кандай пикирдесиз?

- Бул жолку Жогорку Кеңешке болгон шайлоо эл арасында тенденцияны, ар түрдүү пикирди жаратып жатат. Өзүңөргө белгилүү болгондой, азыркы учурда бийлик чоң казатты баштады десек болот. Азыр бир топ белгилүү инсандар, аткаминерлер, партиянын жетекчилери түрмөдө отурат. Ошолордун артында турган адамдары, жактоочулары, партиялары күздөгү шайлоого жанданып, кызуу даярдык көрүп жатат.

Учурда массалык маалымат каражаттарында, интернет булактарында УКМКнын СИЗОсунан түз эле Жогорку Кеңешке отурчу инсандардын аты аталып жатат. Алардын күнөөсү мойнуна толук коюлуп, соттун чечими чыга элек. Ошондуктан, мыйзам боюнча алардын шайлоого катышканга толук укугу бар. Бир мандаттуу болбосо дагы партиялык система менен шайлоого катыша алышат. Алар дагы шайлоого катышса кандай абал түзүлөт? Бул нерсени жогору жактагылар ойлонуп жатышабы? Бирок менин алган маалыматтарыма карганда азыр бул суроо көтөрүлө баштады.

Баарын анализ жүргүзүп карасак, аналитиктер деле айтса керек негизинен абдан опурталдуу шайлоо өткөнү турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости