www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс талибдердин колуна түшүп калбаш үчүн каржылык агымды токтотуу Ооганстанды жана анын экономикасын кыйроого алып келерин эскертти.

Дебора Лайонс 9-сентябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында "Талибан" кыймылы фундаменталисттик козголоңчул топтон өлкөнү башкарууга аракет кылып жаткандыктан, мүмкүнчүлүк берүү керек экенин билдирди.

"Экономиканын жана социалдык тартиптин толук бузулушуна жол бербөө үчүн Ооганстанга каржы киргенге жол табуу керек", - деди Лайонс 15 кишиден турган кеңешке.

Ал эгер каржы маселеси чечилбесе миллиондогон адам жакырчылыкка жана ачарчылыкка кептелип, качкындардын жапырт толкунун жаратышы мүмкүн экенин жана Ооганстанды бир топ жыл артка таштарын айтты.

"Экономикага дагы бир канча ай жашаганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бул убакытта талибдер ийкемдүүлүгүн жана адам укугун сактоо, терроризм менен күрөшүү жөндөмүн көрсөтө алат", - деди Лайонс.

Ооганстанда "Талибан" кыймылы батыш өлкөлөрү колдогон өкмөттү кулатканга чейин эле эл сыртка кача баштаган. Эл аралык донорлор кулаган өкмөт тушунда мамлекеттик бюджеттин 75% ашыгын берип турчу. Бирок бул акча "Талибан" кыймылы өлкөнү көзөмөлгө алгандан кийин токтотулган.

АКШ Кабулдагы жаңы бийликке таасир көрсөтүү үчүн Ооганстандын борбордук банкынын 10 млрд. долларга чукул активин жаап койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости