www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рустам Тухватшин менен Акылбек Жапаровдун айырмасы эмнеде?

Медицина - эң татаал илим тармактарынын бири. Алсак, политология, юриспруденция, экономика сыяктуу илим тармактарында плагиаттык, эпигончулук кадыресе эле көрүнүштөрдөн. Россиянын «Диссернет» антиплагиаттык уюму Акылбек Жапаровдун диссертациясы кайсы китептердин канчанчы бетинен көчүрүлгөнүнө чейин так көрсөтүп берген.

Экс-министр Талантбек Батыралиев улуттук аттестациялык комиссия жарабаган диссертациялардын ээлерине диплом берип жатканын, ал эми коррупциялашкан диссертациялык кеңештерде плагиат диссертациялар корголуп жатканын негиздүү, аргументтүү айтып берди.

Жакында болуп өткөн улуттук илимдер академиясына академиктерди, корреспондент-мүчөлөрдү шайлоодо И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын профессору Рустам Тухватшин өтпөй калды. Р.Тухватшиндин бир артыкчылыгы - башка кесиптештерине караганда, ал аспиранттарды көп чыгарган экен.

Р.Тухватшин 49 илимдин кандидатын, 10 илимдин докторун даярдаптыр, адистердин айтымында, илимий кадрларды даярдоо илимий наам алыш үчүн негизги критерий эмес экен.

Эң негизгиси, илимий эмгектерге карап баа беришет тура. Р.Тухватшин 2001-жылы 5, 2002-жылы 6 илим кандидаттарын даярдоого жетишкен. Эми бул «пачкалап» конвейерде даярдалган диссертациялардын сапаты күмөн туудурбай койбойт.

«Медицина тармагында илимий кадрларды даярдоо боюнча алдына эч кимди чыгарбай рекорд койгон илимий жетекчи бул ишти бизнеске айландырып алган эмеспи?» деген суроо өзүнөн өзү пайда болот. Узак жылдарды талап кылган изилдөөлөрдү, сыноо эксперименттердин жыйынтыгын талап кылган медицина илимине ушундай ат үстүнөн мамиле жасоого болобу?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости